Талас облусундагы дин кызматкерлерине жана муктаж үй-бүлөлөргө ун таратылды

Кечээ, 4 – апрелде Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин демилгеси менен кайрымдуу инсандардын көргөзгөн жардамдарынын 50 кап уну Талас облусундагы дин кызматкерлерине жана муктаж адамдарга берилди.

Жалпы 50 каптан 27си диний кызматкерлерге калган 23 кап муктаж адамдарга таркатылды.

“Ушундай кыйын кырдаалда Азирети Муфтий дем берип эл ичинен чыккан эр азаматтар калктын камын ойлоп жатканы жакшы жөрөлгө. “Биргелешкен баарын жеңет” демекчи буюрса бул илдеттен да кутулуп жакшы кундөр келет”, — деди Талас облус казынын орун басары Медер ажы Сагынбаев.