Ысык-Көлдө жашаган 50 үй-бүлөгө тамак-аш азыктары таратылып берилди

Ысык-Көл районуна караштуу Григорьевка, Темир, Кашат, Семеновка айылдарын кыдырып, тизме боюнча 50 жакыр үй-бүлөөнүн ар бирине 3 000 сомдук тамак-аш азыктары таратылып берилди. 

Аталган кайрымдулук иш-чарасына райондук баш имам хатиб Максат Сейталиев катышып,  бардыгын Ыйык Рамазан айы менен куттуктап, жылуу сөздөрүн айтты.  

“Ыйык Рамазан айынын урматына аз камсыз, жардамга муктаж болгон 50 үй-бүлөгө жалпы суммасы 150 000 сом өлчөмүндө көрсөтүлгөн жардам өзүн атагысы келбеген жеке ишкердин демөөрчүлүгү менен ишке ашырылган. Кайрымдуулук ишин Жараткан кабыл кылсын”,-деди Максат Сейталиев.