Сузак районунун Кара-Чолок айылында 61 үй-бүлөгө 35 000 сомдук ооз ачаар баштыктары таркатылып берилди

Жалал-Абад облусуна караштуу  Сузак районунун баш имам хатиби Жунус ажы Исмаилов өзү туулуп өскөн Кара-Чолок айылынын жаштарына демилге көтөрүп, айылдагы карыяларга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүүнү сунуштады.

Айыл жаштары өз каражаты менен 35 000 сом каражат топтошуп, 61 үй-бүлөгө кайрымдуулук көрсөтүштү.  Бул иш-чаранын максаты, учурдагы таажы ылаңынын жайылуусунун алдын алуу жана элдин ооз ачаарга чогулуусуна жол бербөө.

“Айыл жаштары сунушубузду өтө жакшы маанай менен кабыл алып, жардам көрсөтүүгө ынтызар экендиктерин көрсөтө алышты. Бирөөгө бакыт тартуулоо кандай гана бакыт—деп бир ойчул айткандай, өзүбүздүн дагы жүрөктөрүбүз жылыды”-дейт  баш имам хатиб.