Ош облусунда дин кызматкерлери карантин башталган күндөн тарта 5144 үй-бүлөгө 7000000 сомдон ашуун жардам көрсөттү

Ош облусунун аймагындагы дин кызматкерлери өлкө аймагына өзгөчө абал режими күчүнө кирген күндөн тарта аз камсыз болгон 5144 үй-бүлөгө 7069000 сомдук азык-түлүк жана акчалай жардам көрсөтүштү.

Анын ичинде эң көп жардам көрсөткөн аймак катары Кара-Суу районун айтууга болот. Мында имамдардын демилгелери менен дээрлик 5000000 сомдук кайрымдуулук жардамы көрсөтүлсө, калган 2000000 сомдук жардамды облусдун башка райондору көрсөтө алышты.

Азык-түлүктөрдөн болсо жалпысынан ун, май, макарон, күрүч, туз, чай, кум шекер, эт, картошкө, пияз, сабиз, памидор жана бадыраң сатылып алынып, жеринде тапшырылды.

Кайрымдуулук иш-чарасындагы каражат берешен инсандар жана жергиликтүү фонддор тарабынан каржыланды.

«Жыл сайын Ыйык «Рамазан» айында кайрымдуулук жардамдары абдан көп уюштурулат. Бул жылы дагы Жараткандын каалоосу менен облус аймагы боюнча 7000000 сомдон ашуун жардам көрсөтүлдү. Бул жакшы көрүнүш. Элибизде колу ачык, берешен инсандар көбөйө берсин», — деди облус казысы Самидин кары Атабаев.