Бүгүн, пешим намазынан кийин маркум Садридин Маджитовдун сөөгү кичи мекени болгон Баткен облусунун Кадамжай районунун Өрүкзар айылында жерге берилди.
МАДЖИТОВ САДРИДИН ХАЛИМОВИЧТИН ӨМҮР БАЯНЫ
Садридин ажы Маджитов 1972-жылы 22-июнда Тажикстан Республикасынын Яван районуна караштуу Кыргыз-Абад айылында төрөлгөн. 1989-жылы Баткен районуна караштуу Карабак айылындагы Орджаникидзе атындагы орто мектепти аяктаган.
Мектеп жылдарында өзүнүн абасы белгилүү аалым Абдисаттар ажыдан шарият илимин үйрөнгөн.
1989-1993-жылдары Өзбекистан Республикасына Караштуу Фергана облусунун Кувасай районундагы Калача айылында устаз Молдо шакирден илим алган.
1991-жылы Молдо Абдусаттар ажыдан Фикх илими боюнча билимин тереңдетип, өздөштүргөн.
1993-жылдан 1996-жылга чейин Бишкектеги Азирети Умар Ислам Институтунда мударрис болуп эмгектенген.
1996-2000-жылдары Баткен облусунун Кадамжай районундагы Өрүкзар айылында медреседе сабак берген.
2000-2004-ж.ж. Пакистандын Кувейта шаарындагы “Абу Хурайра” атындагы Ислам Университетинде билимин тереңдетип, дүйнөлүк деңгээлдеги таанымал аалымдардан сабак алган.
2004-2007-жылдары кайрадан Бишкектеги “Азирети Умар” атындагы Ислам Университетинде мугалим болуп эмгектенген.
2008-2008-ж.ж. “Мухаммад Амин” медресесин түптөп, мүдүрлүк кызматын аркалаган.
2008-2014-ж.ж. Бишкектеги “Махмуд Кашкари” мечитинин имам хатиби болуп эмгектенген.
2012-2014-ж.ж. Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешин мүчөсү болгон.
2014-жылдын 20-мартынан азыркы учурга чейин Бишкек шаарынын казысы кызматын аркалап келген.
Эне тили кыргыз тилинен башка араб, парси, урду, тажик, өзбек жана орус тилдеринде эркин сүйлөчү.
Артында уулу калды.