КМДБнын Орусиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев машыктыруучулар менен жолугушту

Кечээ, 9-августа Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Орусиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев Москва шаарында эмгектенген машыктыруучулар менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда мекендештердин биримдигин, ынтымагын бекем сактоодо түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

«Москвада иштеген машыктыруучулар менен жолугушууда Ислам дининин асыл сапаттарын, мекендештердин ортосундагы урмат-сый жана эже карындаштардын ар намысын сактоодо жана улуттук баалуулуктарды жайылтуу багытында баяндама жасалып, алардын кызыктырган суроолорун жооп бердик. Мындай форматтагы иш-чаралар эми байма-бай өткөрүлүп турмакчы»,-деди Сүйүмбек ажы Жусубалиев.