Элдин демөөрчүлүгү алдында Шарк айылындагы «Бабалашкар» мечити оңдоп-түзөөдөн өттү

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл аймагындагы «Бабалашкар» мечитинде оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, ибадат кылуучулар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Шарк айыл аймагынын жооптуу имам хатиби Рахимжан ажы Нишановдун айтымында  мечиттин жергиликтүү жамааты колдон келген жардамдарын беришкен.

«Жаратканга шүгүрлөр болсун, айыл тургундары өздөрүнүн каражаты менен мечитке салым кошуп жатышат. Ушул мечиттен жаштарыбыз оңолуп, ыйман ибадатка бекем болгон келечек муундарыбыз чыгат деп үмүттөнөбүз», — деди Рахимжан ажы Нишанов

Мечиттин короосуна 400 чарчы метр тегиз таш басылып, жалпысынан  250 миң сомдук каражат сарпталган.

«Элибизди берешен болууга  жана мечиттерди оңдоп-түзөөгө чакырган имамдарга  терең ыраазычылык билдиремин. Бул жөнүндө Тавба сүрөсүнүн 18-аятында «Аллахтын мечиттерин Аллахка, акырет күнүнө ишенген, намазды толук аткарган, зекет берген жана Аллахтан гана корккон  адамдар абат кылышат. Дал ошолор Туура Жол табуучулар болушса — ажеп эмес»- деп айткан», — деди Кара-Суу районунун баш имам хатиби Абдирашит ажы Батыров.