Алмазбек ажы Сагындыков: Мечитке келгендерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп туруу үчүн атайын топтор түзүлгөн

Бүгүн, 28-августта  Ысык-Көл облусундагы жума окулуучу мечиттерде жума намаздары санитардык талаптарды сактоо менен өткөрүлдү. Бул боюнча облус казысы билдирди.

Анын айтымында облус боюнча жалпы мечиттер КР Саламаттык сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык беш убак жамаат намазын  көрсөтүлгөн талаптарды сактоо менен өткөрүп келишкен. Жума намаздарын өткөрүү талаптарын толук сактоо максатында  шаар, райондук хатибияттарда, мечитке келгендерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп туруу үчүн атайын топтор түзүлгөн. Жума намазынын алдында аралыгы 1.5 метр кылынып жайнамаздарды салып, антисептикалык каражаттарды колдонуу менен бирге  намазга келгендерге беткап таратышкан.

“Үстүбүздөгү жылдын 28-августунан баштап жума намазына уруксат берилгендигине байланыштуу жалпы мечиттерибиз жамаатты тосуп алууга даярдык көрүп, дезинфекциялоо иштерин жүргүзүштү. Жума намазын өткөрүүдөгү талаптар толугу менен сакталды”,- дейт облус казысы.