Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин макулдугу менен, Нарын облусунун мусулмандарынын казысы Мамбетасан Ибраевдин буйругу менен Нарын облусунун казысынын орун басары Молдокулов Эрик Тыныбекович дайындалды.
Молдокулов Эрик Тыныбекович 1985-жылдын 15-январында Нарын облусунун Кочкор районунун Комсомол айылында туулган.
Билими: 2003-жылы Комсомол айылындагы Сагындык Өмүрбаев атындагы орто мектебин бүтүрүп, 2004-жылы Кыргызстан Ислам университинин араб тили жана шарият факультетине тапшырып 2009-жылы окууну ийгиликтүү аяктаган. Экинчи билим катары 2014-жылы С.Нааматов атындагы Нарын Мамлекеттик Университетинин Тарых факультетине тапшырып, 2019-жылы аяктаган.
Билген тилдери: Араб, түрк тилдери
Эмгек жолу: 2011-2014-жылдары Нарын медресесинде мугалим, мүдүр;
2012-2016-жылдары Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү;
2014-жылдан баштап Нарын шаарындагы “Саад ибн Абу Ваккас” мечитинин имам-хатиби;
Үй-бүлөлүү: 4 баланын атасы