Баткен шаарында жардамга муктаж 30 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Баткен шаарындагы «Абу Бакр Сыдык» мечитинин жамааты жана чет өлкөдө эмгектенген мекендештердин демилгеси менен Баткен шаарындагы жардамга 30 муктаж үй-бүлөнүн ар бирине 6 кап көмүр, 10 кг ун, 4литр май, 3 кг макарондон турган азык-түлүк баштыгы таратылды.

Уюштуруучулардын айтымында, кайрымдуулук иш-чарасы жергиликтүү бийликтин чыныгы муктаждар үчүн берген тизмесинин негизинде үйлөрүнө жеткирилип берилди.

Ага жалпы суммасы 50 миң сомго жакын акча каражаты сарпталды.

«Мусулман мусулмандын бир тууганы. Ага зыян тийгизбейт, аны жардамсыз калтырбайт. Ким тууганынын муктаждыгын чечсе, Аллах Таала анын кажетин чечет. Ким бир мусулманды көйгөйдөн чыгарса, Алла Таала аны Кыяматтын көйгөйүнөн куткарат. Андыктан динибиздеги ушул чакырыкка амал кылуу үчүн сооп иштерди көп кылалы»,- деди уюштуруучулар.