Бишкек шаарында жоолук күнүнө карата иш-чара болуп өттү

Бүгүн, 2-февралда Бишкек Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнүнө карата “Умма” журналы тарабынан иш-чара уюштурулду. Ага Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Аппарат жетекчиси Равшан ажы Эратов, лидер айымдар, кыз-келиндер катышты.  

Аталган иш-чарада жоолуктун исламдагы, аялзатынын жашоосундагы орду тууралуу пикирлер айтылып, бүгүнкү күндө жоолук салынган кыздардын кандай көйгөйлөргө туш болоору жана коомдогу активдүү айымдардан пайдалуу кеңештер, жоолукту тыкан жана жарашыктуу салынуу боюнча маалыматтар берилди.

Иш-чарада Равшан ажы Эратов Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин саламын айтып, жоолук күнү менен бардык айымдарды куттуктап, жоолук салынган айымдар коомчулукта ар кандай басмырлоого кабылып келе жатканын белгилеп, мындай терс көрүнүштөрдөн оолак болууда жоолук салынуунун жоопкерчилигин сезип, анын маани-маңызын коомчулукка ушундай иш-чаралар аркылуу жеткирүү керектигин билдирди.  

“Жоолук-Ислам динин ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет. Аялдын назиктигин, аялдын нарктуулугун, Жараткан Алла Таала Өзү даңазалап, ушундай өкүм берген. Жоолукту мода же жөн эле кийим катары эмес Жараткандын буйругу катары аялзатына тартуу кылган. Бойго жеткен ар бир кыз-келиндерге башына жоолук салууну парз болуп эсептелет. Аялзаты алсыз, назик, асылзат. Ошондуктан Алла Таала аялдарды камкордукка, дайыма коргоого алууга буйруган. Биз ушундай иш-чаралар менен жоолуктун маанисин, маңызын жалпы журтка түшүндүргүбүз келет”,-деди Равшан ажы Эратов.

Белгилей кетсек, “Умма” журналы жоолук күнүнө утурлай мындай иш-чараны 6чы жолу уюштуруп жатат. Ал эми дүйнөдө 2014-жылдан бери 1-февраль бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү белгиленип баштаган. Бул күндү белгилөө идеясын Нью-Йорктун тургуну Назма Хан сунуштап, жоолук салынбаган дос, тааныштарын 1 күн аны салынып көрүүгө чакырган.