Бишкек шаарынын казысы Ленин районунун имамдары менен жолугушту

Бүгүн, 3-февралда «Абдулла Салих» мечитинде Бишкек шаарынын казысы Замир кары Ракиев ордо калаанын Ленин районундагы имамдар менен жолугушту.

Жолугушууда имамдык кызматтын милдети , «Билимдүүгө дүйнө жарык» китеп окуу конкурсуна активдүү катышуу, Куран жарышын жеткиликтүү деңгээлде уюштуруу, мечиттердин тазалыгы жана финансы-чарбалык иштери тууралуу бир нече тапшырмалар берилди. 

Айрыкча ар бир мечиттин имамы аткарып жаткан милдети өтө баалуу жана маанилүү экендигин баса белгилеп, Замир кары төмөнкүлөргө токтолду:

«Ар бир имамдын аткарып жаткан иштери албетте оор милдет болуп эсептелет. Аны менен катар өз ишибизге так болууга чакырып кетем. Мындан ары жыйындар ар бир райондо өзүнчө өткөрүлүп, тиешелүү тапшырмалар берилмекчи. Буга чейин ай сайын жалпы шаардагы имамдардын жыйыны болуп келген. Бул жолкусунда аз сандаган дин кызматкерлери менен маселелерди талкуулоодо көп көйгөйлөр көтөрүлүп, сунуштар айтылат экен», -деди Замир кары.