Бүгүн, 18-сентябрда Жалал-Абад областы боюнча ишембилик өткөрүлдү. Иш-чарага Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, шаардык мэриянын, казыяттын эмгек жамааты жана башка бир катар мамлекеттик кызматкерлер катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө бак-дарактар сырдалып, айлана-чөйрөнү таштандылардан тазалоо иштери кызуу жүргүзүлдү.
Муну менен катар ишембилик иш-чарасы Жалал-Абад областтык мусулмандар казыятына караштуу район, шаарлардагы мечит, медреселерде да өткөрүлүүдө.