Азирети Муфтий Замир кары Ракиев Арашан Куран жаттатуу медресесинин түптөөчүсү, дин аалымы Абдуллах Ишлердин дүйнө салгандыгына байланыштуу көңүл айтты

Бул оор кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Себеби, бир мусулмандын үй-бүлөсүндөгү аза, бүткүл мусулмандарды да кайгыга салат эмеспи. Түркиялык дин аалымы, аль-Азхар университетинин бүтүрүүчүсү жана 1991-2000 жылдары Арашан Куран жаттатуу  медресесин түптөп, көптөгөн аалымдарга Куран илимин тартуулаган дин аалымы Абдуллах Ишлердин дүйнө салгандыгына байланыштуу КМДБнын жалпы эмгек жамаатынын жана жеке өзүмдүн атымдан үй-бүлөсүнө, тугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Устатыбыз 12 жашында Куранды толук жаттап, 92 жылык өмүрүн Куран үйрөтүүгө арнады. Алла Таала ыйык Куранда: «Акыйкатта, Куран тууралыкка алып барат жана жакшылык кылган момундарга зор сыйлык боло тургандыгын сүйүнчүлөйт».Исра 9. Жараткан Алла Таала устатыбыздын Куранга кылган  ак мээнетинин урматына  Өз ырайымына алып, Жаннаттын төрүнөн орун насип кылуусун тилеймин.

Муну менен катар Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Фархат ажы Юсуповго дагы КМДБнын жалпы эмгек жамаатынын атынан көңүл айтам. Сабыр кылыңыз, анткени, “Ар бир жан өлүм даамын татат…” (Куран, Аль-Анбийа, 35) экен. “Чындыгында, биз Аллахка таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз” (Аль-Бакара, 156). Алла Таалабыз сиздерге күч-кубат берсин. Жараткан маркум кайнатаңызды бейиши менен сүйүнчүлөсүн.

Терең кайгыруу менен көңүл айткан,

Кыргызстан мусулмандарынын  Азирети Муфтийи  Замир кары Ракиев

Дин аалымы Абдулла Ишлердин өмүр таржымалы

Дин аалымы  Абдулла Ишлер 1928-жылы Түркия мамлекетинде жарык дүйнөгө келген.  12 жашында Куранды толук жаттап, андан соң  10 жылдай Түркиядагы алдыңкы аалымдардан дин илимдерин тереңдетип окуган. 1950-1960-жылдары Египет өлкөсүндөгү «Ал-Азхар» университетин бүтүргөн. Өмүрүн Ислам динине кызмат кылууга жана Куран, шарият  илимдерин үйрөтүүгө багыттап,  Абдуллах Ишлер Түркияда, Германияда имам, муфтий, насаатчы, мугалим болуп иштеген. 1992-2000-жылдар аралыгында Арашан айылындагы Куран жаттоо медресесин түптөп, Куран жаттаган 100дөгөн карыларды жана дин кызматкерлерин тарбиялап чыгарган.