Ош облусунун казысы Чоң-Алай районуна иш сапары менен барып, эл менен жолукту

Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев иш сапары менен Чоң-Алай районуна барып, аталган райондун тургундары менен жолукту. Ал район тургундарына ыйман, ислам туурасында баяндама жасап, суроолорго жооп берди.

Облус казысы иш сапардын алкагында Чоң-Алай районунун хатибиятынын ишмердүүлүгү менен таанышып, андан соң райондогу жалпы дин кызматкерлерине жыйын өткөрдү.

«Силер аптаптуу жай болобу, кычыраган кыш болобу, кабагым-кашым дебей  Алланын ыраазычылыгы үчүн дин кызматында болуп келесиңер. Мындан ары да чарчабай элге кызмат кыла бересиңер деп ишенем. Бирок азыр доор башка. Илимдүүлөр көп. Ошондой эле чагымчылар да арбын. Ата-бабабыз карманган салттуу Ханафий махгабы, Матуридий акыйдасынын жолунда кызмат кылуу зарыл», – деди  Сайдамир ажы Жейналиев.

Жыйын соңунда Чоң-Алай районунун баш имам-хатиби болуп жаңыдан дайындалган Алимбек Маматаминовду жергиликтүү жамаатка тааныштырып, ишине ийгилик каалады.