Өзгөн райондук хатибияты жана Жылалды айыл өкмөтүнүн демилгеси менен маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатындагы ыксыз чыгымдар менен күрөшүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Иш-чарага Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров, орун басары Жусупбек Арстанбек уулу, Жылалды айыл өкмөтүнүн башчысы Улукбек Жээнбаев жана айыл тургундары катышты.
Жолугушууда Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатында ыксыз чыгым жана ысырапкерчилик менен күрөшүү боюнча биргеликте иш алып баруу зарыл экенин белгиледи.