Тоо этегинде бир көл болот. Бир жерде жамгырды күтүп жата бергенден аябай жадайт. Чоң-чоң максаттарды көздөйт: дайра болуп агылып, деңиз болуп толкугусу келет. Акыры бир күнү чоң сапарга чыгууну чечет да, бир жолун таап агып жөнөйт. Агып жүрүп отуруп талааны, токойду басып өтөт. Акыры бир чөлдүн башына келип токтойт. Күн ысык, андан ары барууга кооптонот.
Бир убакта бир үн чыгат: «Токтобо, көздөгөн максатыңа жетүү үчүн кыйынчылыктан коркуп артка кайтпа! Мына ошондо ийгиликке жетишесиң!» Бирок суу ордунан жылбайт. Чексиз чөл, алдыда белгисиздик… ошондо баягы үн дагы угулат: «Жолдун көбүн басып өттүң, эми аягына чык! Өз күчүңө ишен, тоскоолдуктардын алдында алсыз болбо! Жашоодо жеңиш үчүн күрөшкөн гана өз максатына жетет! Алга!» Бул сөздөргө муюп, өз күчүнө шерденген суу чыгынып, алдыга карай агып жөнөйт. Күндүн ысыгына чыдабай, акырындап буулана берет. Бирок жолунан кайтпайт. Ошентип, бир тамчысы да калбай бууланып кетет.
Эң кызыгы — бууланган суу асманда булут болуп чогулуп, шамалдын жардамы менен көп аралыктарды басып өтөт. Акыры, учу-кыйыры көрүнбөгөн деңизге жетет. Ал жерден Жараткандын буйругу менен жамгыр болуп төгүлүп, деңизге кошулат. Ошентип, кайдагы бир тоонун этегинде жаткан көлдүн суусу өжөрлүгүнүн, бекем эркинин, тынымсыз аракетинин жана өз күчүнө болгон ишениминин негизинде кыйынчылыктарга баш ийбей, акыры, дайра болуп агылып, кыялындагы деңизге барып кошулат.
Булак: kiu.kg