Кечээ, 21-сентябрь күнү Чүй облусунун казысы Руслан ажы Жумагулов башында турган Чүй облусундагы дин кызматкерлеринин уюштуруусу менен Баткенде болуп өткөн каргашалуу окуялардан жабыр тарткан жарандарга бир фура гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Азирети Муфтийдин буйругу менен ачылган штабга жардам топтоого райондордун баш имам-хатибдери, жооптуу имамдар жана имамдар активдүү катышты. Чүй облусунун Сокулук районундагы «Хадижа» мечитинде ачылган штабга негизинен азык-түлүктөр топтолуп, Баткен облусуна жөнөтүлдү.
Эскерте кетсек, буга чейин да Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун тургундары Баткенге бир фура жардам жолдогон болчу.