Кенжетай ажы Курманходжаев Нарын казыятында билим алып жаткан аялдарга лекция окуду

Аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары, КИУнун ага окутуучусу Кенжетай ажы Курманходжаев Нарын облустук казыятынын аялдар бөлүмүндө сабак алып жүргөн кыз-келиндерге ислам дининин акыйкаты тууралуу лекция окуду. Анда ислам диниин тазалыгы, ата-бабаларыбыз карманып  келген салттуу ханафи жана мауридилик мазхабынын акыйкаты тууралуу малыматтар айтылды. Ошол эле учурда интернеттеги дин боюнча маалыматтардан этият болууга чакырык ташталды. Анын себеби катары экран артында кимдер сабак берип жатканы белгисиз болору билдирилди.

Туура эмес маалымат эл арасында пикир келишпестикке жол ачарын белгилеген Кенжетай ажы Курманходжаев мазхабга ылайык диний билимди облустук казыяттын кызматкерлеринен жана аялдар бөлүмүнүн устаза-эжейлеринен алууга чакырып өттү.