Кара-Суу райондук администрациясы райондун баш имам-хатибин «Ардак грамота» менен сыйлап, имамдарга ыраазычылык билдирди

Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Урустем Манапов, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы  Турусбек  Ногоев жана Кара-Суу районуна караштуу бардык мекеме-уюмдардын, күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда жыл жыйынтыгын чыгарды.

Иш-чаранын алкагында өткөн жылга саресеп салынып, жетишкендиктер жана кемчиликтер каралып, мыкты иштегендер сыйланды.

Ысырапкорчулуктун алдын алып, мечиттерди каттоодогу ийгилиги үчүн Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыровго ардак грамота тапшырылып, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары жана район акими тарабынан алкыштар айтылды.

«Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыктын ишке ашуусуна салым коштуңуз. Бул жаатта имамдар түшүндүрүү иштерин жакшы жүргүзүштү»,-деди Урустем Манапов.