Бүгүн, 6-февраль күнү Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров жана «Үмүт» фондунун демилгеси менен райондук хатибиятта жардамга муктаж он беш үй-бүлөгө акчалай жардам көрсөтүлдү.
Райондун баш имам-хатиби берешендик береке алып келе тургандыгын эске салып, колдоо көрсөткөн «Үмүт» фондунун эмгек жамаатына ыраазычылык билдирди.
“Үмүт” фонду дайыма ушул сыяктуу жакшылык иштерде озуп, аты айтып тургандай муктаж, жакыр, жетим-жесирлердин үмүтүн жандырып келет. Өткөн жылдары да ушул сыяктуу кайрымдуулуктарды кылган. Буйруса бул жылы Өзгөн райондук хатибияты “Үмүт” фонду менен биргеликте көптөгөн кайрымдуулук иштерди жасайбыз депүмүттөбүз”, – деди Акжол ажы Бакиров.