Ош облусунун Араван районундагы мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыз болгон 120 жетим балага жылуу тамак уюштурулуп, белектер берилди. «Араван Хадия» фонду тарабынан кажыланган иш-чарага Араван районунун баш имам-хатиби Максат кары Сыдыков жана көп жылдардан бери диний кызматты аркалап келе жаткан устаздар катышты.
Саамалыктын жүрүшүндө райондун баш имам-хатиби уюштуруучу фондго ыраазычылык билдирип, жакшылыктын сооптору жакшылык экендигин айтып төмөнкүлөргө токтолду:
«Пайгамбарыбыз өзүнүн осуятында: «Улууларды урматтабаган, жаштарга ырайым кылбаган бизден эмес», тагыраагы «менин үммөтүм» эмес деп айткан. Ошондой эле башка хдисте: «Жетимдин башын салгандар бейиште мени менен момундай жакын болот», – деп эки манжасын бириктирип, сахабаларга көрсөткөн. Бүгүн мына ушундай улуу соопторго жетүүгө мүмкүнчүлүк болуп турган учур. Жараткан кайрымдуулугуңуздарды кабыл кылсын».