Баткен шаарындагы Муаз ибн Жабал медресесиндеги студенттер арасында коомдогу орун алып жаткан көрүнүштөрдү сахна аркылуу көрсөтүү боюнча таймаш өттү. Саамалык Пайгамбарыбыздын туулган айына карата уюштурулуп, анын алкагында студенттер 5 окуяны театракылуу көрсөтүп беришип, көпчүлүктүн пулуна арзышты.
Казыят кызматкерлери жана медресе мугалимдери студенттер тарабынан сахналаштырылган 5 даярдалган таймашка күбө болушту. Ал эми сынактын катышуучуларынын айрым окуялар боюнча аткарып берген чыгармалары көрүүчүлөргө абдан таасир калтырып, айрымдарынын көздөрүнө жаш келгендиги байкалып турду,-деди казыяттан маалымат бөлүмүнүн башчысы Авлиеев Фуркат.
Студенттердин чеберчилигин баалаган калыстар жарыштын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды жана баалуу белектерди тапшырышып, окууларына ийгилик каалашты.