Жети-Ɵгүздө имамдар, мектеп мугалимдери жана РИИБ кызматкерлери жыйын өткөрүп, балдардын билими, тариясы туурасында пикир алышты

Жети-Ɵгүз районунун баш имам хатиби Каныбек ажы Кожогулов  Жон-Булак айылдагы мектеп окуучулары менен жолугушту. Жолугушууга мектептин жетекчилиги, жергиликтүү тартип сакчылар, мугалимдер, ата-энелер катышып, анда билим алуунун маанилүүлүгү, ата-энеге болгон мамиле, ата-эне жана балдардын шарияттагы укуктары, ата-мекенди сүйүү жана урматтоо, таза жашоо, суицид , терс диний агымдар, ыймандуулук, тынчтык туурасында баяндамалар жасалды.

Жолугушуу суроо-жооп менен коштолуп, катышуучулар арасында кызыгуу жаратты. Жети-Ɵгүз районунун баш имам хатиби жалпы катышуучуларга кайрылуу жасап, балдары билимдүү болууга тарбиялап, ыйман менен адептүүлүктү жогорулатуу керектигин баса белгиледи.

Аймактарды өнүктүрүү жылына карата түзүлгөн иш планыбызда  айылдарды кыдырып, айыл эли, жаштар менен жолугушууларды өткөрүү жагы четте калган эмес. Аз камсыз айыл тургундарына, бөбөктөргө жардам көрсөтүү менен бирге, түшүндүрүү иштерин жүрүгүзүп келебиз,- дейт Каныбек ажы Кожогулов.