Баткен мамлекеттик университетинин Сүлүктү шаарындагы гуманитардык-экономикалык институтунда Лейлек районунун Самат айылынын имамы Каюмов Алланазар мугалимдерге жана студенттерге экстремизм жана терроризмдин алдын алуу, Исламдагы жоопкерчилик боюнча лекция өттү. Иш чара суроо-жооп форматында уланып, айыл имамы ар бир суроого жооп берди.