Жалал-Абад облустук казыяты демилгелеген “Мыкты имам” конкурсу боюнча сынак аяктап, 15 имам жеңүүчү болду

Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыяты тарабынан демилгеленген “Мыкты имам” конкурсу боюнча сынак аяктап, жеңүүчүлөр аныкталды. Сынакка  Базар-Коргон шаарынан 140 имам катышып, анда дин кызматкерлеринин итаат (моюн сунуу) маселеси, мечиттердин ички жана сырткы тазалыгы, имамдардын ирээттүү формада жүрүүсү, жамааттар менен иш алып баруусу, КРнын Президентинин №54 жарлыгын ишке ашырууда жумшаган аракеттери, эң башкысы имамдардын беш убак намазга катышуусу каралган.

«Мечит имамдарына багытталган 1 айлык сынакта хатибият тарабынан атайын түзүлгөн комиссия иштеп, натыйжада Базар-Коргон шаарынан 15 имам коңшу Өзбекстан республикасынын Самарканд, Бухара, Ташкент шаарларына барып 3 күн эс алып келишти. Облус казысынын бул демилгеси имамдардын дагы да жакшы иш алып баруусуна дем берди. Базар-Коргон шаарынын имамдарынын атынан Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыятына жана каржылык колдоо көрсөткөн “Хадия камкор” фондунун төрагасына ыраазычылык билдирем”,-деди райондун баш имам-хатиби Нармамат ажы Икрамов.

Эске салсак, ушундай эле сынак мындан 10 күн мурда Жалал-Абад шаарынын имамдары үчүн жарыяланган.