Алай районунда Ош облустук казыятынын кезектеги көчмө жыйыны болуп өттү

Бүгүн, 25-июль күнү Ош облустук казыятынын кезектеги көчмө жыйыны Алай районунда болуп, андан соң райондун борбордук мечитинде жалпы имамдарга «Дин жана Нарк-насил» аталышындагы семинар өткөрүлдү.

Облустун аймагындагы райондордун баш имам-хатибдерине өткөрүлгөн жыйында айылдык мечиттердин абалын жакшыртуу максатында уюштурулуп жаткан конкурстун буйругу тапшырылып, тиешелүү тапшырмалар берилди.

Ал эми аталган райондун жалпы имамдарына өткөрүлгөн семинарда Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев баяндама жасап, төмөнкүлөргө токтолду:

«Биз дин менен каада-салтты каршы койбойбуз. Балким экөөсүн айкалыштыруубуз керек. Шариятта жергиликтүү элдин үрп-адаттарын эске алуу каралган. Элди ынтымакка чакырган, адептүүлүктү туу туткан жакшы жөрөлгөлөрдү кош колдоп колдойлу. Ал эми шариятка туура келбеген жөрөлгөлөрдүн түпкүлүгүн карап көрөлү. Анын негизги максаты эмне болгон. Балким ал кийинчерээк бурмаланып кеткендиктен, шариятка туура келбей жаткандыр же айрым жерлерин өзгөртүү менен шариятка туура келе турган кылып, эл менен тыгыз байланышта болуу керек. Элге каршы чыгып, динди жек көрсөтүп албаңыздар. Эми мечиттер боюнча айта турган болсок, саны көбөйгөн менен сапат жагынан мактана албайбыз. Айрым мечиттер курулушу толук бүтүп-бүтпөй дааратканасы жок эле ачылыш өткөрүп алган. Ушул учурга чейин дааратканасы жок же начар абалда турат. Мечиттин имамы жергиликтүү эл менен тыгыз иштешип, мечитте ыңгайлуу шарттарды түзүүгө аракеттенсин. Мечитти имам көтөрүп кетпейт, аны жергиликтүү элге туура түшүндүрүү керек. Биз облустук казыяты да, мечиттердин абалын жакшыртуу максатындагы атайын конкурс уюштуруп жатабыз. Конкурстун жыйынтыгында мечиттерде ибадат кылууга ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Конкурска облус аймагындагы айылдык мечиттердин баары катышып, жыйынтыктоодо баалуу сыйлыктар тапшырылат»

Ошондой эле, дин кызматкерлеринин жарашыктуу кийинүүсү, ар тараптан башкаларга үлгү болуусу, мүрзөлөрдөгү коюлган күмбөз тууралуу жана маркумду акыркы сапарга узатууда ысырапкорчулукка жол бербөө жөнүндө кошумчалап өттү.

Райондогу жалпы имамдарга өткөрүлгөн семинардын соңунда жигердүү кызмат кылып келе жаткан 4 имамга казыяттын Ардак грамотасы тапшырылды жана башка жалпы имамдарга казыят тарабынан даярдалган «Имам Абу Ханифанын тавхид жөнүндө осуяты» деген чакан китепче белек кылынды.