«Расул Акрам» ислам институтунда Билим күнү салтанаттуу белгиленди

Кечээ, 2-сентябрь күнү «Расул Акрам» ислам институтунда «Окусаң илим үйрөнүп, орундуу жазган кат жакшы» аттуу салтанаттуу иш-чара уюштурулду. Иш-чарага Азирети Муфтийдин орун басары Мухаммад ажы Аноркулов, Бишкек казысынын орун басары Талантбек ажы Темирбаев, И.Арабаев атындагы теология кафедрасынын башчысы Эрмек Бектуров, «Расул Акрам» ислам институтунун ректору Садридин ажы Иметов баштаган институттун окутуучулары жана студенттери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Талантбек ажы Темирбаевге сөз берилип, төмөнкүлөргө токтолду:

“Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин буйругунун негизинде бардык диний окуу жайларда салтанаттуу иш-чаралар уюштурулуп жатат. Диний башкармалыгыбыз учурда алгылыктуу иштерди алып бара жатат. Айта кетсек, өлкө боюнча 7 диний окуу жайды тандап алып ошол окуу жайдын билим берүү жаатына өзгөчө көңүл буруп, сапаттуу адистерди даярдап чыгаруу үчүн болгон күч-аракетин жумшап жатат. Бул институт ошол тандалып алынгандардын бирөөсү, ошондуктан сиздер катардагы окуу жайга келген жоксуздар, талыкпастан билим алууңуздар керек болот. Бул диний окуу жайлар келечек жаштарыбызды билимдүүлүккө, мээнеткечтикке жана дилгирликке тарбиялап коомго, мамлекетке пайдалуу инсандарды чыгарышына толук ишенем”.

Айта кетсек, кечээ 2-сентябрь күнү КМДБнын диний билим берүү бөлүмү тарабынан муфтияттын түзүмүндөгү бардык окуу жайларда салтанаттуу иш-чаралар уюштурулду.