Кочкордогу жалпы имамдарга жыйын уюштурулуп, аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат алынды

Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун баш имам-хатиби Женишбек Арзымкожоев район аймагындагы имамдарга жалпы жыйын өткөрдү. Бул чогулушта баш имам-хатиб Аалымдар Кеңешинин фатвалары жана тийиштүү токтомдорунун аткарылышы боюнча иштер кандай деңгээлде жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу кабар алды. Ошону менен биргеликте муфтият, казыяттын буйруктарын өз убагында аткарууга жана берилген тапшырмаларды кечиктирбей, өз убагында колго алуу менен жетекчиликке маалымат берип турууну талап кылды.

Мындан сырткары айрым мечиттердин электр энергиясына болгон төлөмдөрүн өз убагында жүргүзүп, диний объектилердин тазалык маселесине жакшы көңүл бурууну, айрыкча жол боюндагы мечиттердин абалына тыкыр көз салып турууну талап кылды.

Ошондой эле окуу жылы башталгандыктан, ар бир имам өзүнүн аймагындагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жаш өспүрүмдөрдү билимге жана тарбияга шыктандыруу жаатында тыгыз иш алып барууну жана бирдиктүү жума хутбаларга жакшы көңүл бурууну сунуштады.