Абдил-Азиз ажы Чыныбеков жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча өткөн семинарда лекция окуду

Кыргыз Республикасынын ИИМдин демилгеси менен Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгында семинар өтүп, ага ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы, милициянын полковниги Нуржан Адылова жана ЭММКАК өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук ыкчам өкүлү, милициянын полковниги Самат Осмонов, «Мобилдик автоунаалардын ишмердүүлүгүн колдоо Ассоциациясы» коомдук бирикмесинин директору Шамшыбек Мамыровдор жана Чүй облусунун мусулмандар казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков катышып, лекция окушту.

Семинарга лекторлордон сырткары жалпысынан 100 гө жакын кызматкер катышып, шаар, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана Жаштар иштери боюнча инспекциясынын тескөөчүлөрү, райондук мамлекеттик администрациялардын жетекчилери, райондук билим берүү, үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү жана дин кызматкерлери катышты.

Окуунун жүрүшүндө балдар арасында кылмыштуулукту кыскартуу, үй-бүлөлөрдөгү зомбулуктарга жол бербөө, балдар арасында диний экстремизм жана террориздин алдын алуу маселелери талкууланды.

Ошондой эле Чүй ОИИББнын башчысы милициянын полковниги Каныбек Абдырахманов сөз сүйлөп, бул иш-чара кызматкерлердин кесиптик жөндөмүн арттырууга түрткү болооруна токтолуп, катышуучуларга ийгиликтерди каалады.