Нарында жаш өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Нарын районунун айыл аймактарында жаш өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулуктун, кылмыштуулуктун жана үй-бүлөлөрдөгү зомбулуктун алдын алуу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында Эмгек-Талаа айыл аймагына тиешелүү айылдарды кыдыруу иштери жүргүзүлдү.

Бул иш-чара Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы –акимдин орун басары Эльвира Жанболотова, Нарын районунун баш имам-хатиби Рустам Чыров, Нарын райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жетекчиси Жеңишбек Мамбетказиев, Нарын районунун билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчүсү Кеңешбек Мүсүров жана ички штер бөлүмүнүн кызматкерлери катышты.

Жыйынга катышкан мугалим, ата-эне жана окуучуларга кылмыштуулук тууралуу сөздөр айтылып, кылмыштуулукка барган окуучуларга, ата-энелерге кандай чара колдонуулары кеңири айтылды. Ошону менен катар динибизде башка бирөөгө зыян келтирүү, буюмун тартып алуу арам экени баса белгиленди.

Мындай иш-чаралар Нарын районунун бардык айыл аймактарында уюштурулмакчы.