Каныбек Жусупов “Боорукердик” үй-интернатын зыярат кылды

Ош шаарынын казысынын орун басары Каныбек Жусупов Ош шаарында жайгашкан “Боорукердик” үй-интернатын зыярат кылып, бир катар белектерди берип, түштөнүү тамагын уюштуруп, көңүлдөрүн көтөрүп, баарлашып кайтты.

«Карысы бардын ырысы бар» демекчи, карынын дубасын алган кор болбойт. Карыны сыйласаң өзүң урмат-сый табасың. Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Ким биздин кичүүлөрүбүзгө ырайым кылбаса, чоңдорубузду (карыяларыбызды) урматтап сыйлабаса, ал бизден эмес» деген. Казыяттын атынан байма-бай келип, кабар алып турабыз», – деди Каныбек Жусупов.

Казыяттан айтышынча, аталган карыялар үйүндө ар улуттан 16 эркек, 14 аял карыя бар.