Жарыя! Муфтият ажыга баруучуларды менингит жана мезгилдик гриппке каршы эмдөөдөн өткөрүү үчүн эмдөө дарыларын Кыргызстанга алып келүүчү тараптар ортосунда конкурс жарыялайт

2019-жылдын ажылык иштери башталгандыгына байланыштуу Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы ажыга баруучуларды менингит жана мезгилдик гриппке каршы эмдөөдөн өткөрүү үчүн эмдөө дарыларын Кыргызстанга алып келүүчү тараптар ортосунда конкурс жарыялайт.

2019-жылы Кыргызстандык ажыга баруучуларды менингит жана мезгилдик гриппке каршы эмдөөдөн өткөрүү үчүн эмдөө дарыларын Кыргызстанга алып келүүчү ата мекендик тараптардын ортосунда өткөрүлүүчү конкурстун талаптары

 

  1. Конкурска катышуучулар Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык товарлар менен жабдуучу, иштерди аткаруучу, кызматтарды көрсөтүүчү жактарга коюлуучу талаптарга ылайык келүүсү зарыл.
  2. Конкурска катышуучунун өткөн календарлык жылда, бардык деңгээлдеги бюджеттерге же мамлекеттик бюджеттик эмес фонддорго салыктык жана башка милдеттүү төлөмдөр жыйымдар боюнча өлчөмү акыркы жыйынтыкталган отчеттук мезгилдин бухгалтердик отчетунун маалыматы боюнча катышуучунун активинин баланстык наркынын жыйырма беш пайызынан ашпаган карызынын болбоосу.
  3. Конкурска катышуучунун экономика тармагындагы кылмыштар боюнча соттолбогон болуусу (бул боюнча соттолуусу жоюлган же алынып салынган адамдардан тышкары) жана ошондой эле ушул аталган жеке жактарга, тиешелүү кызматтарды ээлөө укугунан ажыратуу же ушул сатып алуунун объектиси болгон товарлар менен жабдуу, иштерди аткаруу, кызматтарды көрсөтүүгө байланыштуу ишмердик жүргүзүү укугунан ажыратуучу жазалардын жана дисквалификация түрүндөгү административдик жаза колдонулбаган болуусу (Кыргыз Республикасынын ИИМ МБ жазуу жүзүндөгү маалыматы менен тастыкталат).
  4. Конкурска катышуучу менен заказчиктин ортосунда кызыкчылыктардын жаңжалынын болбоосу, мындайча айтканда  заказчиктин жетекчиси, конкурс өткөрүү комиссиясынын мүчөсү же башкалардын тууганчылык байланышта болбоосу (уюмдун бланкында анын жетекчисинин колу коюлган кат аркылуу тастыкталат).
  5. Ниети түз эмес жабдуучулардын тизмесинде конкурска катышуучулар тууралуу маалыматтардын болбоосу (уюмдун бланкында жетекчисинин колу коюлган кат аркылуу тастыкталат.
  6. Келишимдин шарттарын аткарууга зарыл болгон финансылык, материалдык жана башка ресурстардын болуусу.
  7. Жабдууну иш жүзүнө ашырууга, иштерди аткарууга же кызматтарды көрсөтүүгө керектүү тажрыйбанын болуусу.
  8. Конкурска катыша турган тараптын (фирманын) акыркы эки жылдык бухгалтердик балансын көрсөтүүсү.

Конкурс тууралуу кенен маалымат алуу үчүн Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын төмөнкү дарегине кайрылса болот.

Бишкек ш, Гоголь көч, 57 (Москва көчөсүнүн кесилишинде).

Тел: 0705811523

Тел/факс: 0312 48 61 67

Э-почта: muftiyat.hajj@mail.ru

 

Конкурс өтө турган күн:             

12-февраль, 2019-ж. Саат 10:00

Конкурс өтүүчү жайы:                                        

Муфтияттын жыйындар залы.

Документтерди кабыл алуу:       

2019-жылдын 8-январынан  8-февраль саат 17:00гө чейин.

Жыйынтыкты жарыялоо күнү:             

2019-жылдын 15-февраль.

 

ЭСКЕРТҮҮ: Жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечиктирилген арыздар кабыл алынбайт.

 КМДБнын Ажы-Умра жана Эл аралык байланыштар бөлүмү