Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Исак ажы Юнусов райондук Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Акбермет Толтоева менен жолугушуп, мектеп окуучуларына экстремизм жана терроризмдин алдын алуу, зордук-зомбулукка каршы күрөшү, мугалимдерди сыйлоо жана ата-энени урматтоо сыяктуу адеп-ахлак темаларынын алкагында лекцияларды уюштуруу боюнча пикир алышты.
«Жаштарыбыздын таалим-тарбиясын жакшыртууга биз да өз салымыбызды кошолу деген максатта мектеп окуучуларына адеп-ахлак темаларынын алкагында лекцияларды уюштуруу боюнча сиздер менен макулдашып графигин түзүп алсак, илимдүү, сөзгө чебер имамдарыбыз лекция өтүп бермекчи. Албетте бул боюнча алдын ала тиешелүү кызматтар менен макулдашып, ИИМдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери менен биргеликте иш алып барууну пландап жатабыз», – деди баш имам-хатиб Исак ажы Юнусов.
Кара-Суу райондук Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Акбермет Толтоева бул сунушту жактырып, окуучулардан сырткары мектеп мугалимдерине да ушул сыяктуу лекция уюштуруу пикирин билдирди.