Үстүбүздөгү жылдын 31-октябрь күнү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылындагы “Каныбек ажы” атындагы медреседе айыл аймактык жооптуу имамдар үчүн уюштурулган “Мамлекетттк мыйзам жана салттуу Ислам боюнча сабаттуулукту жогорулатуу курсу” аяктады. Аталган иш-чара жогорку деңгээлде өтүп, имамдардын диний билимин, салттуу ислам түшүнүгүн жогорулатуу жана ошондой эле диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнүн мыйзамдык негиздери, анын ичинде диструктивдүү агымдар, дин тутуу боюнча мамлекеттик мыйзам, диний билим берүү боюнча лекциялар өтүлдү.
КМДБ, КР ДИМК жана “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду тарабынан уюштурулган окутуу жыйынтыкталып, катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.
“Эки күндүк окутуу пайдалуу болсун деп тилек кылуу менен алдыда ары сооптуу, ары жоопкерчиликтүү ишиңерде берилгендик менен ак кызмат өтөңүздөр, урматтуу имам-хатибдер! КМДБ, казыят тарабынан берилген ар кандай буйрук, тапшырмаларды өз убагында тез жана так аткарыңыздар!”, –деди өз сөзүндө облус казысы Самидин кары Атабаев.
Сертификаттарды тапшыруу аземине Ысык-Көл облусунун казысы Самидин кары Атабаев, КР ДИМКнын Ысык-Көл облусундагы өкүлү Асылбек Мамбетов, Жети-Өгүз районунун баш имам-хатиби Талантбек Акылбек уулу жана казыят кызматкерлери катышып, облус казысы жалпы эл үчүн, Мекени үчүн жана дин кызматкерлери үчүн дуба кылды.