“Имам-Азам” медресесинин бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшыруу аземи болуп өттү

Баткен облусунун Кадамжай районундагы “Имам-Азам” медресесинин бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшыруу аземи уюштурулуп, ага Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров баштаган казыят кызматкерлери, Кызыл-Кыя шаарынын баш имам-хатиби, ошондой эле медресе студенттери жана ата-энелери катышты.

Иш-чара Куран окуу менен башталып, аалымдардын насааттары менен коштолду. Диплом тапшыруу учурунда облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров илимдин артыкчылыгы тууралуу аят, хадистерден айтып, бүтүрүүчү студенттерди коомдун диний сабаттуулугун көтөрүүгө, ислам динибизди жайылтууга жана алган билимдерин татыктуу таратууга чакырды.

Иш-чарага катышкан медресе студенттеринин ата-энелери кыздарынын алган билим, тарбияларына ыраазылыгын билдирип, мугалимдерге алкыштарын айтышты. Ал эми сөзгө чыккан бүтүрүүчүлөр алган билимдерине амал кылуу менен башкаларга жеткирүү негизги милдети экенин билдиришти.

Бул жолу медресени 17 студент аяктап жатат. Алар окуу жайдын 12-бүтүрүүчү мууну. Бүтүрүүчүлөрдүн ичинен Кеңешбек кызы Айзинат окуусун артыкчылык диплому менен аяктап, учурда ишмердигин медреседе улантып жатат.