Саясат ажы Асанов: «Руханий баалуулуктарды жайылтууда имамдарыбыздын орду чоң»

Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын борбордук мечитинде КР ДИМКнын өкүлү Замирбек Омурзак уулу, Чүй облусунун казынын орун басары Саясат ажы Асанов, Жайыл, Москва, Панфилов, Сокулук райондорунан имам-хатибдери жана айыл аймактардын жооптуу имамдарынын катышуусунда имамдарды окутуу курсу жыйынтыкалып, сертификаттар тапшырылды.

Казы орун басары Саясат ажы Асанов: «Өлкөбүздө динди жайылтууlf, руханий азыктандырууда, ыйманды бекемдөөдө имамдарыбыздын, жалпы дин кызматкерлеринин орду чоң. Андыктан ар бириңиздерге ыраазычылык билдирем жана Аллах Таала жасаган амалдарыңыздарды кабыл кылып, бейиште даражаңыздарды көтөрүп, Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (с.а.в) шафаатын насип кылган болсун!», – деди өз сөзүндө.

«Элибиздин ынтымактуу, жаштарыбыздын ыймандуу жана 24 саат калктын кызматында Куран окуп, маркумду узатууда, жакшылыкты жайылтууда мээнет кылып жатасыздар. Жараткан жашооңуздарга береке берсин, алдыдагы иштериңиздерге ийгилик каалайм», – деди КР ДИМКнын өкүлү Замирбек Омурзак уулу.

Айта кетсек, Чүй облусу боюнча Аламүдүн, Кемин, Чүй жана Ысык-Ата райондорундагы жооптуу имамдарга багытталган окутуу Токмок шаарында өтүп, сертификат тапшыруу аземине КР ДИМКнын бөлүм башчысы Айбек Иминов, Азирети Муфтийдин орун басары Жолдошбек ажы Абдылдаев жана «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фондунун директору Жанузак Туран уулу катышкан.