Ош шаардык казыяты «Салахидин Эшан» институтунда кезектеги лекциясын өткөрдү

Ош шаардык мусулмандарынын казыяты КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы менен биргеликте «Салахидин Эшан» институтунда дин тутуу эркиндиги, мамлекттин дин чөйрөсүндөгү саясаты, дин багытындагы мыйзам актылары боюнча институттун эмгек жамааты жана илим талап кылуучуларына кезектеги лекциясын өткөрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Иш-чарага Ош шаардык мусулмандарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы Эрлан Мырзаев, ДИМК ТАБ кызматкери Азамат Таиров, институттун эмгек жамааты жана илим талап кылуучулар катышты.

Иш-чарада Ош шаарынын казысы илим талап кылуучуларына ислам динин баалуулуктары жана дин тутуу эркиндигин баса белгиледи.

«Кыргызстанда эч бир жаранга дин багыты боюнча кысым болгон эмес. Тескерисинче, мамлекет элге эркиндик тартуулады. Мына ошондуктан дин багытындагы эркиндиктин кадырын билели», – деди шаар казысы.

Ал эми УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы Эрлан Мырзаев, салттуу ислам түшүнүгү, маалымат алуунун булактары, дин багытындагы мыйзам актылары, диний экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча маалыматтарды берди.