Токмоктогу диний окуу жайлардын окутуучулары акыйда сабагынан билимдерин жогорулатууда

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн тапшырмасы менен Токмок шаарындагы Амина медресесинде 4 орус тилдүү диний окуу жайдын мугалимдери «Ан-Насафия» китебинен өздөрүнүн билимдерин жогорулатуу үчүн семинарга катышууда. Учурда «Ала-Тоо 2», «София», «Амина» жана «Мустафа» медреселеринин мугалимдерине Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн адиси Рафаил ажы Татиков сабак өтүүдө. Бул иш-чара диний билимдерди жетиштүү деңгээлде жана жогорку сапатта берүү максатында уюштурулууда, себеби Акыйда сабагы – мусулмандар үчүн негизги билим берүү багыты болуп саналат.

«Акыйда сабагы – исламдын ишеним негиздери, Алланын бар экени, анын бирлиги, пайгамбарлар, Ыйык китептер жана акыретке болгон ишеним боюнча түшүнүктөрдү камтыган маанилүү илим. Мусулман устаздарынын бул сабактар боюнча терең жана туура билимдерди алышы, өз кезегинде, студенттерге да сапаттуу диний билим берүү үчүн негиз болуп саналат. Мындай билимдерди алуу мугалимдердин иши үчүн чоң жоопкерчилик талап кылат, анткени алар бул негизги акыйда принциптерин кийинки муундарга түшүндүрүүгө, жол көрсөтүүгө милдеттүү», – деди КМДБнын окуу бөлүм адистери.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстандагы 7 кыргыз тилдүү диний окуу жайдын мугалимдери дагы акыйда сабагынан өз билимдерин жогорулатып, ишмердүүлүктөрүн жогорку деңгээлге чыгаруу үчүн атайын курстардан өтүшкөн. Бул процесс Кыргызстандын диний билим берүү системасын жакшыртуу жана анын сапатын жогорулатуу үчүн маанилүү кадам болуп саналат. Мусулман жамаатында адекваттуу диний билим берүү, анын ичинде исламдын акыйда негиздерин терең түшүнүү, коомдо тынчтыкты, береке-туруктуулукту орнотууда чоң роль ойнойт.