Бүгүн, 13-декабрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров баштаган КМДБнын борбордук аппараты Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы Шакир ажы Маматовдун жылдык отчётун укту.
Жаңы форматта өткөрүлгөн жылдык отчётту угуу саамалыгы КМДБнын конференция залында уюштурулуп, аймактык казылар отчётторун статистика, инфографика жана диаграммалар түрүндө тапшырышты.
КМДБнын түзүмүндөгү казыят башчылары Муфтият жетекчилигинин буйрук-тапшырмаларынын аткарууга алуу; казыяттардын жылдык иш-мерчемдери боюнча иштер; иш-мерчемден тышкаркы саамалыктар; диний объектилердин эсептик каттоосу; имамдардын жана мечиттердин базасы; ханафилик-матуридилик багытындагы иштер; фитир-садака; нике журналы; КР Президентинин тиешелүү Жарлыктарынын аткарылышы; эстремизмдин алдын алуу; КМ АКтын токтомдорун ишке ашыруу; ысырапкорчулукка каршы күрөш; кайрымдуулук; үгүт-насаат иштери; ДОЖдор менен иш алып баруу жана мамлекеттик тилди өркүндөтүү боюнча аткарылган иштер боюнча отчёттук маалымат беришти.
Айта кетсек, жакын арада казылардын отчётунун жыйынтыгы чыгарылып, жылдык иш аракеттери бааланмакчы.