Ноокен: Борбордук мечиттин кириш дарбазасына курулуп жаткан Бухара тибиндеги жаңы дарбазанын курулушу аяктады

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы борбордук “Нур” жума мечитинде курулуп жаткан Бухара тибиндеги жаңы дарбазанын курулушу аяктады. Бул тууралуу райондун баш имам хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиков билдирди.

Анын айтымында, аталган дарбазанын курулушу ушул жылдын май айында башталып, сентябрь айына бүткөрүү пландалган. Анткен менен жүйөлүү себептерден улам курулуш иши белгиленген мөөнөттөн үч айга кеч жыйынтыкталды.

«Эң башкысы биздин калообуз орундалып, биз күткөндөн да кооз дарбаза корообузга курулуп калды», – деген райондун хатиби баасы 1,5 миллион сомго болжолдолгон курулушка каржылык колдоо көрсөткөн жергиликтүү ишкер Кабылжановдордун үй-бүлөсүнө ыраазычылык билдирди.