Талас облусунун казыяты тарабынан уюштурулган Куран жана акыйда сабактары ийгиликтүү жыйынтыкталды

Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиевдин жетекчилиги алдында облус казыяты тарабынан имамдардын билим деңгээлин жогорулатууга багытталган Куран жана акыйда сабактары боюнча окутуулар ийгиликтүү аяктады. Окутуу 2024-жылдын октябрь айында башталып, 2025-жылдын февраль айында жыйынтыкталды.

Салттуу ислам негизинде, тагыраагы ханафи мазхабы жана матуриди акыйдасы багытында жүргүзүлгөн окуу семинарында имамдардын диний билимин бекемдөө максаты көздөлүп, жумасына эки күн өтүлүп турду. Ишемби күндөрү Талас облусунун казыятынын жыйындар залында Бакай-Ата жана Талас районунун имамдары үчүн өткөрүлсө, жекшемби күндөрү Айтматов жана Манас райондорунун имамдары үчүн атайын мечиттерде уюштурулду.

Окутулган сабактардын багыттары: Куранды туура окуу боюнча сабактарды белгилүү устаз Эшматов Абдукалык алып барды. Сабактарда Куран аяттарын туура жана кооз окуу ыкмалары, махраждар жана катачылыктарды оңдоо боюнча кеңири билимдер берилди.

Ал эми акыйда сабагынан ыйман маселелерин терең түшүндүрүү максатында устаз Тариэл Абжалбеков «Аль-Васият» китебинин негизинде түшүндүрүп берсе, тасаввуф сабагынан «Адабул Фатхулло» аттуу китептин негизинде жан дүйнө тарбиясы, адеп-ахлактык баалуулуктарды жогорулатуу тууралуу сабактар өтүлдү.

Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев окутуулар салттуу ислам дининин, ханафий мазхабы жана матуриди акыйдасынын негиздерин калкка туура багытта жеткирүүдө, диний кызматерлер үчүн орду зор экенин белгилеп, сабактар ушул жылы күз айларында уланарын баса белгиледи. Сабакты алып барган белгилүү дин аалымдарына өзүнүн жана имамдардын атынан ыраазычылыгын билдирди.