Базар-Коргондун Бешик-Жон айылында имамдын демилгеси менен ишембилик өтүп, ага айыл жаштары менен аксакалдар катышты

Базар-Коргон районуна караштуу Бешик-Жон айылынын баш имамы Жайнак ажы Дүйшөевдин демилгеси менен ишембилик уюштурулуп, айлана-чөйрө жана бир катар көчөлөр тазаланды. Ишембиликке мечит жамааты, жаштар жана карылар катышып, мындай жакшы саамалыктардын өтүп жаткандыгы жергиликтүү тургундарды эмгекке жана тазалыкка үндөй тургандыгын билдирди.