Жеңишбек Арзымкожоев: Билимдүү жаштар, эртеңки келечегибиз

Кочкор районунун баш имам хатиби Жеңишбек Арзымкожоев Кочкор районундагы К.Акназаров,  А. Мааткеримов атындагы мектептердин окуучулары жана ата-энелери менен жолугушуп,  терс диний агымдар жана диний сабаттуулук туурасында баяндама жасады. Иш чарага райондун  баш имам хатиби, Кочкор РИИБинин жана ЖӨИИнын инпекторлору, мугалимдер катышып,  калктын социалдык жашоосуна тиешелүү маселелер жана билим алуунун маанилүүлүгү боюнча өз ойлорун ортого салышты.

«Билимдүү жаштар, эртеңки келечегибиз. Андыктан жаштарды китеп окууга, ар кандай  терс көрүнүштөрдөн оолак болууга чакырышыбыз маанилүү»,-деди Жеңишбек Арзымкожоев.