Чүй облусунун мусулмандар казысынын буйругуна ылайык жалпы дин кызматкерлер ишембиликке чыгышып, ар бир райондук хатибият өз карамагындагы мечиттерде, парктарда тазалоо иштерин жүргүзүштү. Муну менен катар бак-дарактарды актап жана тиешелүү жерлерди оңдоп-түздөштү.
«Чүй аймагындагы дин кызматкер эл менен биргеликте ишембилик өткөрүшүп, көпчүлүк жерлерде тамак-аш дагы уюштурулду. Бул ишембилик 23-мартта дагы улатылат»,-деди казыяттын маалымат бөлүмүнүн башчысы Бектен Зарылбеков.