2019-жылдагы ыйык Рамазан айы 6-майда башталат

2019-жылдагы ыйык Рамазан айы 6-майда башталат. Бүгүн, 5-майда өлкө аймагындагы бардык мечиттерде таравих намазы окулуп, андан соң таң сүргөнгө чейин ооз бекилет.

Орозо календары бул шилтемеде:

Рамазан 2019

Исламдын беш шартынын бири — Рамазан айында орозо кармоо. Орозо кармоо дегенибиз ага ниет кылып, таң сүргөндөн (б.а. имсак убактысынан) баштап күн батканга чейин даам албай, бир нерсе ичпей жана жыныстык катнаштан алыс туруу менен орундатылган бир ибадат болуп эсептелет.

Орозо кармоо — бизди бул дүйнөдө жамандыктардан сактап, акыретте болсо тозоктун азабынан коргогон жана күнөөлөрүбүздүн кечирилишине себепкер болгон абдан маанилүү ибадат. Пайгамбарыбыз ушул жакшы кабарды айткан:

“Кимде-ким (Аллага) чындап ишенип, Алладан жакшылык күтүп, Рамазанда орозо кармаса, анын ага чейинки күнөөлөрү кечирилет”.

Орозонун пайдалары

Биз орозону кандайдыр бир пайда табуу максаты менен эмес, Алла Тааланын буйругун орундатып, анын ыраазычылыгына ээ болуу үчүн гана кармайбыз. Орозо ушул ниет менен кармалган учурда гана кабыл болот.

Бирок, Алла Тааланын ар бир буйругунда болгондой эле, орозо ибадатында да көптөгөн жашыруун сырлар, биз үчүн материалдык жана руханий көптөгөн пайдалар бар. Биз орозону Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн кармоо менен бирге бизге берген пайдаларын билүүгө жана баалоого тийишпиз.

Орозо ахлагыбызды сулуулайт

Орозо кармоо — тек гана белгилүү бир меенетке ачка калуу көрүнүшү эмес. Орозо адамдын бүтүндөй эркин тарбиялайт. Адамды жаман адаттардан арылтып, жакшы мүнөздөр берген бир ахлак тарбиясы болуп саналат. Пайгамбарыбыз (а.с.) мындай деп буюрган:

«Кимде-ким жалган айтканды жана жалган менен иш кылганды токтотпосо, Алла Таала анын жеген-ичкенин токтотконуна баа бербейт».

Бул хадисте орозонун башкы максаты ачык-айкын көрсөтүлүп, бул ибадаттын ачка жана суусуз калуудан гана турбаганын, мындагы негизги максат адамды рухий жактан калыптантып, аны ахлак жана нарк ээси катары тарбиялоо экендиги билдирилген.

Орозо жамандыктардан сактайт

Ыйык Куранда орозонун парз болгонун билдирген аятта кудуреттүү Алла Таала:

“Oo, ыйман келтиргендер! Орозо кармоо силерден мурункуларга парз кылынган жана силерге да парз кылынды. Ошондуктан буга өтө этияттык менен мамиле кылгыла” —деп буюруп, орозонун хикматына да көнүлүбүздү бурган.

Алла Таала ар бир дарттын дабаасын да бергендей эле, бизге ар кандай жамандыктарга каршы коргонуу куралын да берген. Орозо ибадаты — булардын бири. Чындыгында, сүйүктүү пайгамбарыбыз САВ орозонун бул коргоочу өзгөчөлүгүн мындайча салыштыруу менен түшүндүргөн: “Орозо — бир калкан” Баарыбызга белгилүү болгондой капкан эски мезгилдерде согуштарда адамды душмандын кылычынан коргогон бир курал эле. Мына, орозо да мусулманды бул дүйнөдө күнөө кылуудан, акыретте тозоктун отунан коргогон бир курал болуп саналат.

Бул дүйнөдөгү ар бир жамандыктын башаты — Алла Тааланы эстен чыгаруу жана жоопкерчилик сезимин жоготуу. Орозо Алла Тааланы дайыма биздин эсибизге салып, жоопкерчилик сезимибизди арттырат. Бир айга чейин созулган бул руханий тарбиянын он таасири менен адам кыймыл-аракеттерин контролдоп, ар кандай жамандыктардан алыстайт!

Орозо адамдын боорукердик сезимдерин күчөтөт

Турмушунда ачкачылык менен жокчулуктун эмне экенин билбеген бардар бирөө колунда жок ач-жылаңачтардын жокчулуктан тарткан кыйынчылыктарын терең түшүнө алабы? Алардын көргөн азап-тозокторун жүрөгү менен сезе алабы? Албетте, алардай болуп сезе алабайт. Бирок ошол киши орозо кармаганда гана ачкачылыктын эмне экенин дагы жакшы түшүнөт. Мына ушундайча жокчулук ичинде азап чегип жаткан жардылардын кыйынчылыктарын жүрөгү менен сезип, аларга карата шапаат жана боорукердик сезими ойгонот. Акырында жарды-жакырларга жардамга келет, алардын кыйынчылыктарын жоюга аракет кылат. Коомчулуктун жыргалчылыгы менен бак-таалайына сальмын кошот. Мына, орозонун бизге берген коомдук адилеттүүлүк сабагы ушундай.

Биз үчүн абдан сонун үлгү болгон сүйүктүү пайгамбарыбыз САВ адамдардын эн жоомарты болгон. Ал ачка кишилерди тойгузуп, өзү ачка калар эле. Рамазанда жоомарттыктын эң жогору чегине жетип, колунда болгон нерселердин баарын бей-бечараларга тараткан. Пайгамбарыбыздын жубайы азирети Айша мындай деген: “Алланын расулу үч күн катары менен кардын тойгузган эмес. Кааласа, тойгузат болчу. Бирок жакырларды тойгузуп, өзү ачка калууну артык керген. ”162

Азирети Айша пайгамбарыбыздын өлүмүнөн кийин качан болбосун, тамак жесе эле ыйлай баштаган. Бир жолу андан эмне үчүн ыйлаарын сурашканда, мындай деп жооп берген:

“Азирети Мухаммед (САВ) көзү тирүү кезинде бир күндө эки жолу жакшылап тойгончо тамак жей албады. Ошону эстеген үчүн ыйлап жатам. ”163

Азирети Умар халийфалык кылган учурда катуу ачарчылык болуп, ал тогуз айга чейин созулат. Азирети Умар: “Муктаж болгондор бирге келсин” — деп элге жарыя кылат. Өзү да мусулмандар молчулукка жеткенге чейин нан менен зайтун майынан башка эч нерсе жебей турганын айтып ант ичет. Элдин тарткан кыйынчылыктарын абдан жакшы сезген жана алардан айырмаланбай жашаган бул улуу киши көйнөгү жуулуп, кие турган башка көйнөгү болбогондуктан бир күнү жума намазына кечигип барат жана ошон үчүн жамааттан кечирим сурайт.

Бир мезгилдерде Египетте көптөгөн жылдарга созулган бир ачарчылык болгон эле. Ошол кезде мамлекеттин казынасы Юсуф алайхис саламдын колунда болчу. Эл ачка, ал эми азирети Юсуф колунда бардык мүмкүнчүлүктөр болгонуна карабастан кардын тойгузган эмес. Эмне себептен мындай кылып жаткандыгын сурашканда, жашаган коомунун кайгы-санааларын жүрөгүнүн тереңинде сезген жоопкерчилик сезими менен мындай деп жооп берген:

“Эгерде мен ток болсом, ачкалардын абалын түшүнө албайм, жакырларды керек болгондой ойлой албайм”

Орозо аркылуу коомчулукта мээримдуулук жана боорукердик сезимдер артып, адамдардын ортосундагы өз ара мамилелер чыңдалат.

Орозо адамдын ден-соолугун чыңдайт

Сүйүктүү пайгамбарыбыз САВ орозонун ден соолук үчүн болгон маанисин мындай деп белгилеген: “Орозо кармагыла, ден-соолук табасыцар”

Адамзаттын улуу муршидинин айткан бул сөзү медицинада да далилденген. Бул тема менен байланыштуу чет элдик эки окумуштуунун төмөнкүдөй аныктамалары бар.

1940 жылы медицина боюнча Нобель сыйлыгын алган атактуу окумуштуу доктор Алексис Каррел “L’Hamme Cet Inconnu” аттуу чыгармасында “Орозо маалында денеде топтолгон азык заттардын сарпталарын, кийин болсо алардын ордуна жаңыларынын келип, бүтүндөй денеде бир жаңылануу процесси болорун айтат жана орозонун ден соолукка абдан пайдалуу экендигин » белгилейт”

Француз профессор Пиер Мулен да төмөндөгүлөрдү айткан: “Ислам дүйнөсүнүн эң пайдалуу нерселеринин бири орозо. Орозо денени ары физикалык, ары руханий жактан эс алышы. Ткандарды тазалайт, топтолгон токсиндерди, ууларды чыгарат.

Чындыгында адамдардын бир жумада бир күн орозо кармашы, башкача түшүндүрсөк диета кармап, мөмө ширесин гана ичиши ден соолуктары үчүн өтө пайдалуу. Ошондо дене, ткан жана дене мүчөлөрдөгү уулардан арылып, ден соолук чыңдалат.

Орозо адамга ырыскынын кадыр-баркын үйрөтөт

Адам колундагы ырыскынын баркын качан гана колунан кеткенден кийин билет жана ал учурда билгенинин эч кандай пайдасы болбой калат. Орозо кармоодон улам белгилүү бир убакыт ырыскыдан алыс калган адамга бул ырыскынын баркы демейдегиден дагы жакшы билинет.

Бул түшүнүк адамга ал ырыскыларды мурункудан да жакшы карманып, аздектеп сактап. аны насип кылган Алла Таалага дагы көбүрөөк шүгүрчүлүк кылууну үйрөтөт. Ал эми ырыскыларга шүгүрчүлүк кылуу алардын көбөйүшүнө себеп болот.

Алла Таала мындай деп буюрган:

“Ант беремин, шүгүр кылсаңар албетте (ырыскыңды) көбөйтөм. ”

Орозо адамды сабырдуулукка үйрөтөт

Орозо кармоо менен белгилүү бир убакка чейин өзүн ачка кармоого көндүргөн адам турмушунда туш келген ар кандай кыйынчылыктарды сабырдуулук менен кабылдап, азап- тозокторго чыдамдуу болот жана ал кыйынчылыктарды жеңил өтө алат.

Орозо кармаган кишиден күтүлгөн нерселер

Орозо ичип-жегенди гана токтотуу эмес, ошол эле мезгилде жамандыктардан да алыстоо болуп саналат. Ашказаныбыз тамак-аш жана ичимдиктерден алыс болсо, тилибиз жалгандан, колдорубуз арам иштерден, көздөрүбүз арам нерселерди кароодон, кулактарыбыз жалган жана ушак-айыңдарды угуудан, буттарыбыз жаман иштердин аркасынан чуркоодон алыстап, орозодон насибин алууга тийиш. Орозо кармаган кишиден мына ушул нерселерди күтүүгө болот.

Орозо кармаган бир мусулман ар түрдүү тамактар менен толтурулган дасторконго отурганда адал болгон ырыскыларга колун тийгизбейт, сабырдуулук менен иптар убактысын күтөт.

Алланын буйругу алдындагы бул моюн сунуучулук — абдан суктанарлык бир көрүнүш. Орозонун мусулманга берген бул эрк тарбиясы адамды напсилик каалоолордун туткунунан куткарып, периштеге айланткан чыныгы бир тарбия.

Эми ынсабыбыз менен ойлонуп керөлү. Адал болгон нерселерге дагы кол тийгизбеген бул орозо кармаган киши арамга кантип кол сунсун? Денесинин зарылдыгы болгон пайдалуу тамак-аш жана ичимдиктерди каалаган мезгилинде таштай алган бир момун зыяндуу ичкиликтерди колдонуудан кантип баш тарта албасын? Орозо бизге белгилүү бир мөөнөт ичинде адал болгон нерселерден алыстоо менен арамдардан сактанууну үйрөтөт.

Орозонун сыйлыгы

Ырайымы менен кайрымы чексиз болгон кудуреттүү Алла Таала пенделеринин ибадаттарына, кылган жакшылыктарына он эседен жети жүз эсеге чейин сыйлык бере турганын билдирсе да. бул ыйык хадисте:

“Орозо мен үчүн анын сыйлыгын мен берем»,- деп буюруп, орозого өзгөчө маани бере турганын кабарлайт. Муну менен сыйлыгынын дагы да кеп боло турганын билдирген.

Орозо абдан чоң сабырдуулук жана жан аябаган тобокелчиликтин натыйжасында орундалган бир ибадат болгондуктан анын акыбети да ошого жараша эселеп берилет. Ал тургай орозо кармагандар бейишке өздөрү үчүн атайын бөлүнгөн “Раййан” каалгасынан кире турганы пайгамбарыбыз САВ тарабынан билдирилген. Орозо кармаган киши Алла Таалага жетип, жыргалчылыктын туу чокусуна чыккан күнү эң чон кубанычтын даамын татат.

Орозо кимдерге парз

Бир кишиге орозо парз болушу үчүн төмөнкүдөй үч шарт болууга тийиш.

Булар:

I) Мусулман болуу

2) Акыл-эстүү болуу

3) Эрежеге жетүү.

Бул шарттарга ээ болсо да, орозо кармай албай турганчалык даражада оорулуу болгондор менен жолоочулар орозо кармабаса болот. Оорулуулар сакайганда, жолоочулар да үйүнө кайткандан кийин кармай албай калган күндөрүнүн орозосун каза кылышат.

Бойго жете элек балдарга орозо кармоо парз эмес. Ошондой болсо да, ден соолугуна зыян келбегидей бир негизде балдарды да акырындык менен орозого көндүрө берүү туура болот.

Аялдар нифас (төрөттөн кийинки) абалдарында жана айызы келген убактарда орозо кармашпайт, намаз окушпайт. Бул абалдан өткөндөн кийин кармалбай калган орозо күндөрүн каза кылышат, б.а. кийин кармашат. Бирок окуй албай калган намаздарын каза кылышпайт.

Рамазан орозосу канча күн?

Рамазан айы кээ бир жылдары 29, кээ жылдары 30 күнгө созулуп Рамазан айынын 29 күндүк орозосу деле толук орозо болуп саналат. Анткени парз болгон нерсе ошол айда толук орозо кармоо. Ушул себептен Рамазан айы 29 күнгө созулган жылдарда кармалган орозону кем деп айтууга болбойт. Акыйкатта, азирети пайгамбарыбыз САВ тогуз Рамазан айында орозо кармаган. Бул Рамазан айларынын төртөө 29 күндүк, бешөө 30 күндүк орозо болгон.

Рамазан айы келе электен мурун аны тосуу максаты менен бир же эки күн орозо кармоо туура эемес. Мындай орозо парз болгон Рамазан орозосуна кошумчадай көрүнгөндүктөн макүрөө болуп саналат. Пайгамбарыбыз мындай деп буюрган:

Силердин ичиңерден Рамазанды бир күндүк же эки күндүк орозо менен тоспосун! Бирок адаты болуп калган бир орозону карман жатса, аны кармасын.

ОРОЗО КАРМАБООНУН КЕЧИРИЛЧҮ СЕБЕПТЕРИ

  1. Сапарда болуу. Шарият боюнча жолоочу (үйдөн белгиленген аралык ж.б. шарттары бар) орозо тутпаса болот. Бирок орозону баштап койгондон кийин сапарга чыга турган болсо, анда орозосун тутууга туура келет. Эгер орозосун бузса, казасын гана орундатат. Жолоочулар үчүн эң жакшысы – Рамазан убагында орозо тутуу.
  2. Оорулуу болуу. Эгер дарыгер орозо кармай турган адамдын ден-соолугу орозо кармаса начарлап, кандайдыр бир жабыркоолорго алып келет десе анда бул адам орозо кармабайт.
  3. Карылык.
  4. Кош бойлуу болуу же бала эмизүү. Кош бойлуу аял орозо тутканда баласына же өзүнө зыян келе турган болсо, анда орозо тутпайт. Тутулбай калган күндөрүн кийинчерээк орозо кармап толуктайт.
  5. Согуштагы аскерлерге орозо тутпоо уруксат.
  6. Кыйноо же коркутуу сыяктуу нерселерге дуушар болгондор ооздорун ачса болот.

ОРОЗОНУ ЭМНЕЛЕР БУЗАТ?

  • Билип туруп бир нерсе жеп-ичүү;
  • Жыныстык байланышта болуу;
  • Атайылап кусуу орозону бузгандыкка барабар.

(Жогорудагылар 60 күндүк казасын кармашат)