«Орозо кармоочунун оозунан чыккан жагымсыз жыт, Аллах Тааланын астында жыпар жыттуу атырдан да жагымдуу болот. Кыямат күнү ага эсепсиз сооптор берилет» (хадис).
(Башы мурдагы макалада)
Ай планетабыз Жердин табигый жолдошу болуп, анын айланасында 27,32 суткалык мезгил менен айланат. Бул мезгил Айдын сидерикалык мезгили же жылдыз мезгили деп аталат. Айдын жерди айлануу багыты жылдыздардын Жердин айланасындагы көрүнмө айлануусуна карама-каршы болуп, ал батыштан чыгышка (б.а. Жердин өз огу айланасында айлануу багыты менен бирдей багытта) аракеттенет. Айдын өз орбитасын бойлоп кыймыл ылдамдыгы секундуна 1 километрди түзүп, жылдыздарга карата ар суткада болжол менен 13° (градус) жылып барат.
Ай орбитасынын тегиздиги Жердин Күндү айлануу тегиздиги (эклиптика) менен 5°9’тук бурчту түзөт. Кызыгы, Ай өз огу жана Жердин айланасында бирдей-27,32 суткалык мезгил менен айланат. Айдын өз огу жана Жерди айлануу мезгилдери өз ара тең болгондуктан, Ай Жерден караганда дайыма бир жагы менен көрүнөт. Бул көрүнүү дал ошол маалда айдын Күнгө салыштырмалуу кандай жайгашуусуна карай түрдүүчө болот. Жерден караганда Айдын түрдүү формаларда (жаңы Ай, жарым Ай, толгон Ай) көрүнүшү анын фазалары деп аталат.
Күн баткан соң, Айдын ичке орок түрүндө батыш жакта биринчи көрүнүшү элдик тилде жаңы Ай деп аталып, ал адатта, ай башынан кийин экинчи күнү көрүнөт. Мындай абалда Айдын Күн менен жарытылбаган бөлүгү да күңүрт боз формада көзгө байкалат. Айдын Күн менен жарытылбаган бөлүгүнүн мындай күңүрт көрүнүшү Жерден чагылган Күндүн нурлары менен анын жарытылгандыгы себеп болот. Ай фазаларынын алмашуусу анын Жер жана Күнгө салыштырмалуу туткан ордуна байланыштуулугу төмөнкү сүрөттө берилген.
Айдын белгилүү бир фазасынан (мисалы, толгон Айдан) эки жолу удаалаш өтүүсүнүн арасындагы убакыт орточо эсеп менен 29,53 сутканы түзүп, ал Айдын синодикалык мезгили деп аталат.
Төмөнкү сүрөттө Айдын синодикалык мезгили кандай кылып сидерикалык мезгилинен чоң болушу түшүндүрүлгөн.
Жогоруда бизге маалым болгондой Айдын белгилүү бир фазасынан (мисалы, толгон Айдан) эки жолу удаалаш өтүүсүнүн арасындагы убакыт орточо эсеп менен 29,53 сутканы түзүп, ал Айдын синодикалык мезгили деп аталат.Мында Ай Жерди айланып жатып 1-абалда болгондо, ал М жылдыздын тушунда толгон Ай фазасында болушу сүрөттөн так көрүнүп турат. 27,32 күндөн соң, б.а. Ай Жерди бир жолу толук айланып чыккандан кийин ал 2-абалда болуп, дагы М жылдыздын тушунда турат, бирок али толгон Ай фазасына чейин жетип барбаган болот. Жер орбитасы бойлоп ар күнү дээрлик бир градуска жакын жылышын эсепке алсак, бул мезгилде ал 1-ден 2-абалга чейин болжол менен 27° ка жылганы маалым болот (жогорку сүрөткө кара). Андыктан, Айдын 2-абалында, андан М жылдызга карай багыт менен Күнгө карай багыттын уландысынын арасында да дал ушундай бурч пайда болгонун түшүнүү кыйын эмес. Анда, Айдын өз орбитасын бойлоп күнүгө болжол менен 13° ка жылышына көрө, 27° туу жааны басып өтүшү үчүн 2 күндөн көбүрөөк убакыт керектелет. Натыйжада Айдын толгон ай фазасынан кетип дагы толгон Ай фазасына келгиче (жогорку сүрөттөгү 3-абал) 29 суткадан көбүрөөк убакыт талап кылынышы айкын болот.
Ай Жерди саат жебесинин айлануусуна тескери абалда айланат. Ошондой эле Жер да өз орбитасында Күндү саат жебесинин айлануусуна тескери абалда айланат. Төмөнкү сүрөткө кара:
Күн, Ай жана Жер үчөө бир түз сызыкка жаткан убакта Айдын фазасы Жерден көрүнүүсү 0% болот. Мисалы төмөнкү сүрөттө:
Бул убакытты астрономияда Ай жаңырды делинет. Арабчада болсо ولادة الهلال Айдын туулусу деп аталат. Орусчада болсо новолуние деп аталат. Ушул убакыттан баштап Айдын өмүрү башталат да ал кайра ушундай абалга келгенге чейин орто эсеп менен 29,53 сутка өтөт. Мындай абал жер-жүзү, бүт аалам боюнча бир убакта жүзөгө келет. Мисалы биздин саат боюнча 01-45 те ай жаңырган болсо, ошол убакта Саудияда жана Түркияда саат 22-45 болот. Демек аталган өлкөлөрдө саат 22-45 те ай жаңырды деп айтылат. Ал эми Малайзия мамлекетинде болсо 03-45 те ай жаңырган болот. Себеби Малайзия бизден эки саат эрте болсо Саудия менен Түркия болсо үч саат аркада. Ушул сүрөттөгү үзүк-үзүк сары сызык Айдын орбитасы. Ай өз орбитасын толук айланып чыгуусу үчүн орточо эсеп менен 27,32 сутка керектиги бизге жогоруда маалым болду. Бул Айдын сидерикалык мезгили деп аталат. Ал эми Жерди толук айланып өтүүсү үчүн орточо эсеп менен 29,53 сутка керек болот. Муну болсо Айдын синодикалык мезгили деп аталат.
Айдын 2017- жана 2018-жылдагы Бишкек убактысы менен синодикалык мезгилдеринин 12 айлык жалпы убактысынын жадыбалы
| № | Айдын аталуусу | жылы | күн, айы | убактысы | Орточо убактысы |
| 1 | Мухаррам | 2017-ж. | 20. 09. | 11:30:47 | 29 сутка 13 саат 42 минут 8 секунд |
| Сафар | 2017-ж. | 20. 10. | 01:12:39 | ||
| 2 | Сафар | 2017-ж. | 20. 10. | 01:12:39 | 29 сутка 16 саат 29 минут 46 секунд |
| Рабийъул аввал | 2017-ж. | 18. 11 | 17:42:53 | ||
| 3 | Рабийъул аввал | 2017-ж. | 18. 11 | 17:42:53 | 29 сутка 18 саат 29 минут 24 секунд |
| Рабийъул аахир | 2017-ж. | 18. 12 | 12:31:29 | ||
| 4 | Рабийъул аахир | 2017-ж. | 18. 12 | 12:31:29 | 29 сутка 19 саат 47 минут 10 секунд |
| Жумадул уула | 2018-ж. | 17. 01 | 08:18:19 | ||
| 5 | Жумадул уула | 2018-ж. | 17. 01 | 08:18:19 | 29 сутка 18 саат 47 минут 33 секунд |
| Жумадул аахир | 2018-ж. | 16. 02 | 03:06:52 | ||
| 6 | Жумадул аахир | 2018-ж. | 16. 02 | 03:06:52 | 29 сутка 15 саат 48 минут 27 секунд |
| Ражаб | 2018-ж. | 17. 03 | 19:14:19 | ||
| 7 | Ражаб | 2018-ж. | 17. 03 | 19:14:19 | 29 сутка 11 саат 47 минут 47 секунд |
| Шаъбан | 2018-ж | 16. 04 | 07:59:54 | ||
| 8 | Шаъбан | 2018-ж | 16. 04 | 07:59:54 | 29 сутка 9 саат 50 минут 10 секунд |
| Рамазан | 2018-ж. | 15. 05 | 17:49:50 | ||
| 9 | Рамазан | 2018-ж. | 15. 05 | 17:49:50 | 29 сутка 7 саат 56 минут 14 секунд |
| Шаввал | 2018-ж. | 14. 06 | 01:45:04 | ||
| 10 | Шаввал | 2018-ж. | 14. 06 | 01:45:04 | 29 сутка 7 саат 3 минут 38 секунд |
| Зул Каъда | 2018-ж. | 13. 07 | 08:49:36 | ||
| 11 | Зул Каъда | 2018-ж. | 13. 07 | 08:49:36 | 29 сутка 6 саат 50 минут 32 секунд |
| Зул Хижжа | 2018-ж. | 11. 08 | 15:59:08 | ||
| 12 | Зул Хижжа | 2018-ж. | 11. 08 | 15:59:08 | 29 сутка 7 саат 56 минут 10 секунд |
| Мухаррам | 2018-ж. | 10. 09 | 00:02:42 |
Бул жадыбалда көрүнүп тургандай 2017-жылдын 20-сентябрында саат 11:30:47де жер, ай жана күн бир түз сызыкка жатты. Бул Зул Хижжа айы менен Мухаррам айынын ортосундагы кубулуш. Ал эми жер, ай жана күндүн кайрадан бир түз сызыкка жатуусу 2017-жылдын 20-октябрь саат 01:12:39 га туш келди. Бул Мухаррам айы менен Сафар айынын ортосундагы кубулуш. Ошондо, Мухаррам айы менен Сафар айынын экөөсүнүн ортосундагы жалпы убакыт 29 сутка 13 саат 42 минут 8 секундду түздү. Айдын синодикалык мезгилинин жалпы убактысы 29,53 сутка деп орточо эсеби айтылган. Өзүңүздөргө маалым болгондой 12 ай аралыгында баары барабар болбойт. Эң эле узуну күн кыскарып, түн узарган 18-декабрдан 17-январга чейинки учурга туш келди да жалпы убактысы 29 сутка 19 саат 47 минут 10 секундду түздү. Ал эми эң эле кыскасы күн узарып, түн кыскарган 13-июлдан 11-августка чейинки учурга туш келип, жалпы убактысы 29 сутка 6 саат 50 минут 32 секундду түздү. Эгерде 2018- жана 2019-жылга ушундай жадыбал түзүлсө, анда ал жогорку жадыбалга дал келбестиги анык. Себеби, бир жылдык ай календары күн календарынан (григориан) 9-10 күн айырма кылат. Мисалы, 2017-жылы Мухаррам аыйнын башталуусу 2017-жылдын 20-скентябрына дал келсе, 2018-жылда 10-сентябрга дал келүүдө.
Мунун себеби Ай Жерди элипстик орбита менен айланат, Кеплердин мыйзамы боюнча перигейде (айдын жерге эң жакын келген мезгили) айдын ылдамдыгы көбөйөт. Ал эми апогейге (айдын жерден эң алыс кеткен мезгили) келгенде болсо айдын ылдамдыгы азаят.
Ошондой эле Жер да өзүнүн элипстик орбитасы менен айланат. Жер да өз айлануусунда перигелийге (жердин күнгө эң жакын келген мезгили) келгенде ылдамдыгы көбөйөт. Ал эми жер афилейге (жердин күндөн эң алыс кеткен мезгили) келгенде анын ылдамдыгы азаят.
Ушул эки кубулуш себептүү айдын сидерикалык жана синодикалык мезгилдери өзгөрүп, түрдүүчө болуп турат.
Дагы айта кетчү нерсе. Эгер Бишкек сааты боюнча түнкү саат менен 01:45 те синодикалык мезгил болуп, эртеси күнү Бишкек кординаты менен саат 20:45 те күн батса, анда күн баткан учурда Айдын өмүрү 19 сааттык болот. Ошол эле Айдын өмүрү Малайзияда күн баткан учурда 17 сааттык болсо, Саудия менен Түркияда күн баткан учурда 22 сааттык болот.
Биз жогоруда айтып кеткендей ар бир айдын жыйырма тогузунчу числосунда күн батаар учурда батыш тарапты күзөтүп, ай кароо иш чарасын уюштуруу бизге важиб.
Ар бир жердин кординаты менен күн горизонттон баткан убактагы айдын асмандагы абалын эсептеш керек болот.
Аалымдар Ай көз менен көрүнүүсү үчүн бир топ шарттарды белгилешкен. Качан гана ошол шарттар табылганда Айды көз менен көрүү мүмкүн экендигин айтышкан.
АЙ КӨРҮҮНҮН ШАРТТАРЫ شروط رؤية الهلال
* الاستطالة أو قوس النور (Elongation): البعد بالدرجات بين مركزي الشمس و القمر.
Elongation (Элонгация): Күндүн борборунан айдын бурчтук алыстыгынын градус менен өлчөнүүсү.
* البعد عن الأفق (Altitude): البعد العامودي للقمر عن الأفق بالدرجات.
Altitude (Алтитуде): Айдын градус менен горизонттон вертикалдык алыстыгы.
* فرق السمت (Relative Azimuth): السمت عبارة عن دائرة وهمية تنطبق على الأفق، بحيث يكون الشمال هو نقطة الصفر، والشرق 90 درجة، والجنوب 180 درجة، والغرب 270 درجة، فإذا افترضنا أن الشمس يوم الاعتدال الربيعي (21 آذار) ستغرب في جهة الغرب تماماً أي بسمت مقداره 270 درجة، وكانسمت القمر لحظة غروب الشمس 278 درجة، فإن فرق السمت بين الشمس والقمر لحظة الغروب يساوي 8 درجات.
Relative Azimuth (Азимут айырмасы): кандайдыр бир жарык кылып туруучу асмандык тело, б.а. же күн, же ай, же жылдыз аркылуу өтүүчү тик жалпактык менен меридиандын ортосундагы бурч. Ал меридиандын түштүк жагынан саат жебесинин айлануусундай 0 градустан 360 градуска чейин өлчөнөт. Баштапкы багыттагы меридиан түрүнө байланыштуу чыныгы азимут жана магниттик азимут болуп экиге бөлүнөт. Чыныгы азимут-асман жарыгынын багыты менен жердеги обьектке багытталган сызыктын ортосундагы горизонталь бурч. Бул буссоль (компас) аркылуу өлчөнөт. Азимутту аныктоо-меридиандын түштүк жагынан чыгышка карай 0 градустан 360 градуска чейин саат жебесинин багыты менен аныкталат. М: чыгыш 90 градус, түштүк 180 градус, батыш 270 градус.
Маселен: Жаздагы күн менен түн теңешкен (21-март) мезгилде күн 272-градустан баткан учурда ай 245-градуста туруптур. Ошондо ай менен күндүн ортосундагы азимут айырмасы 27 градус. Мисалы төмөнкү сүрөттө:
* عمر القمر: الفرق الزمني بين وقت حدوث الاقتران (تولد الهلال) ووقت الرصد (لحظة غروب الشمس مثلا) فإذا حدث الاقتران في يوم ما الساعة 12 ظهراً وغربت الشمس في ذلك اليوم في الساعة 18:30 فهذا يعني أن عمر القمر وقت الغروب هو ست ساعات ونصف في ذلك المكان.
Айдын өмүрү: күн баткан учурда айдын синодикалык мезгилине жеткенине толгон убакыт. Мисалы: Ай ошол күндүн түшкү саат 12:00 дө синодикалык мезгилине жеткен болсо. Ал эми күн ошол күнү саат 18:30 да батса. Демек ошол учурда айдын өмүрү алты жарым сааттык болот.
* المكث: الفترة الزمنية بين غروب الشمس وغروب القمر، فإذا غربت الشمس في الساعة السادسة مساء وغرب القمر في الساعة السادسة والنصف مساء، فهذا يعني أن مكث القمر هو نصف ساعة فقط.
Айдын туруусу: ай менен күндүн батуусунун ортосундагы убакыттын айырмасы. Мисалы: күн кечки саат 18:00 дө батса, ай ошол эле күнү 18:30 да батса, айдын туруусу жарым саат деп айтылат.
* سمك الهلال (Crescent Width): و هو مقدار سمك المنطقة المضيئة من القمر بالدقائق القوسية، فعلى سبيل المثال، هذه القيمة للقمر في طور البدر تساوي حوالي 30 دقيقة قوسية، و في طور التربيع الأول أو الثاني تساوي 15 دقيقة قوسية تقريبا.
Crescent Width (Ай фазасынын калыңдыгынын өлчөмү): айдын күн нуру тийип турган тарабынын айлана минуту менен болгон өлчөмү. Ай фазасы толгон учурда анын өлчөмү айлана минуту менен 30 минут болду делинет. Ал эми ай фазасы жарым толгондо айлана минуту менен 15 минут болот.
* طول قوس الهلال (Crescent Arc-length): قرص القمر عبارة عن دائرة تتكون من 360 درجة بالطبع، و قد يظن الشخص للوهلة الأولى أن الزاوية المركزية ما بين قرني الهلال تساوي 180 درجة! إلا أن الواقع غير ذلك، فالزاوية المركزية ما بين قرني الهلال تتراوح ما بين 50 — 130 درجة اعتمادا على بعد القمر عن الشمس (الاستطالة)، و سبب أننا لا نرى الهلال كقوس على شكل نصف دائرة تماما (180 درجة) هو قلة إضاءة سطح القمر عند حواف الهلال
Crescent Arc-length (Жаңырган айдын жарык тийген айланасындагы эки учунун узундугу): ай дискасы толугу менен 360 градус болуусу табигый.
أمثلة على اشهر المعايير الفلكية المعمول بها في العالم :
Бүт ааламда амал кылынып келе жаткан белгилүү болгон астрономиялык өлчөөлөрдүн мисалдары.
معيار أبي ريخان البيروني (تخرج بهذه الطريقة الدكتور صمد رضوي): إرتفاع بمقابلة فرق السمت,
الفرق بين السمت و الإرتفاع أقل تناسباً تكون كما تلي:
1-إذا كان فرق السمت بين الشمس و القمر عند غروب الشمس 0 درجة لابد ان بكون إرتفاع القمر فوق الأفق 10.4 درجة
2- إذا كان فرق السمت بين الشمس و القمر عند غروب الشمس 5 درجة لابد ان بكون إرتفاع القمر فوق الأفق 10.1 درجة
3- إذا كان فرق السمت بين الشمس و القمر عند غروب الشمس 10 درجة لابد ان بكون إرتفاع القمر فوق الأفق 9.4 درجة
4- إذا كان فرق السمت بين الشمس و القمر عند غروب الشمس 15 درجة لابد ان بكون إرتفاع القمر فوق الأفق 8.1 درجة
5- إذا كان فرق السمت بين الشمس و القمر عند غروب الشمس 20 درجة لابد ان بكون إرتفاع القمر فوق الأفق 6.2 درجة
6- إذا كان فرق السمت بين الشمس و القمر عند غروب الشمس 22.5 درجة لابد ان بكون إرتفاع القمر فوق الأفق 4.9 درجة
Абу Райхан ал-Берунийдин өлчөмү (ал-Берунийдин жолу менен доктор Самад Разавий ушул эрежени иштеп чыккан): вертикалдык алыстык азимуттагы айырманын тушунда-ай көз менен көрүнүүсү үчүн азимут менен вертикалдык алыстык ортосундагы эң аз айырмасы төмөнкүдөй болот:
1-эгер күн баткан учурда күн менен айдын ортосундагы азимуттун айырмасы 0 градус болчу болсо, айдын горизонттон бийиктиги 10.4 градус болуусу шарт.
2- эгер күн баткан учурда күн менен айдын ортосундагы азимуттун айырмасы 5 градус болчу болсо, айдын горизонттон бийиктиги 10.1 градус болуусу шарт.
3- эгер күн баткан учурда күн менен айдын ортосундагы азимуттун айырмасы 10 градус болчу болсо, айдын горизонттон бийиктиги 9.4 градус болуусу шарт.
4- эгер күн баткан учурда күн менен айдын ортосундагы азимуттун айырмасы 15 градус болчу болсо, айдын горизонттон бийиктиги 8.1 градус болуусу шарт.
5- эгер күн баткан учурда күн менен айдын ортосундагы азимуттун айырмасы 20 градус болчу болсо, айдын горизонттон бийиктиги 6.2 градус болуусу шарт.
6- эгер күн баткан учурда күн менен айдын ортосундагы азимуттун айырмасы 22.5 градус болчу болсо, айдын горизонттон бийиктиги 4.9 градус болуусу шарт.
Ошондой эле Имам Абу Райхан ал-Берунийдин айдын көз менен көрүнүүсү үчүн төмөнкүдөй шарттары да бар.
1- Күн баткан учурда Айдын өмүрү 15,4 сааттан (15 саат 24 минут) кем болбостугу керек.
2- Ай менен күндүн батуусунун ортосундагы айырма 48 минуттан кем болбостугу керек.
3- Күн баткан учурда Ай менен Күндүн бурчтук алыстыгы 12° тан кем болбостугу керек.
4- Айдын Күн баткан учурда горизонттон бийиктиги 8° тан кем болбос керек.
Ошондо төмөнкүдөй көрүнүш келип чыгат:
المعيار عند البابليون : أن رؤية الهلال ممكنة إذا زاد عمره لحظة غروب الشمس عن 24 ساعة، و غرب بعد أكثر من 48 دقيقة من غروب الشمس.
Babylonian (Вавилон) астрономиялык обсерваториясынын өлчөөсү: эгерде айдын өмүрү 24 сааттан ашса жана күн баткандан соң 48 минуттан көптө батса аны көрүү мүмкүн.
معيار البتاني : أن رؤية الهلال ممكنة إذا كانت انخفاض الشمس لحظة غروب القمر بين 8 و 10 درجات تحت الأفق.
Batanii (Батания) обсерваториясынын өлчөмү: ай баткан учурда күн горизонттон 8, 10 градус төмөндө болсо айды көрүү мүмкүн.
معيار العالم الفلكي، الماليزي محمد الياس، المعيار يربط بين بعد القمر عن الأفق وفرق الاتجاه الأفقي (البعد الزاوي)، وهو يعطي إمكانية رؤية الهلال بالعين المجردة فقط، وحدد أقل ارتفاع هو 5 درجات.
Малайзиялык астроном аалым Мухаммад Илястын өлчөөсү: өлчөмдөр айдын горизонттон бийиктиги менен бурчтук алыстыгына байланыштуу болот. Ошондо гана айды көз менен көрүү мүмкүнчүлүгү берилет. Айдын горизонттон бийиктигинин эң азы 5 градус болуу керек.
معيار دانجون Danjon عام 1936م ( اشترط للرؤية أن لا تكون استطالة القمر عن الشمس أقل من7 درجات، و بيّن أن طول قوس الهلال عندما تكون الاستطالة أقل من 7 درجات يكون صفر .
Danjon обсерваториясынын өлчөөсү: айдын көрүнүүсү үчүн айдын күндөн бурчтук алыстыгы (элонгация-elongathion) 7 градустан кем болбостугугу шарт. Ошондой эле эгер айдын күндөн алыстыгы 7 градустан кем болсо айдын фазасы 0 пайыз болоорун ачыкташты.
يثبت دخول الشهر الجديد شرعياً إذا توافر ما يلي:
Эгер төмөнкү шарттар табылса шарият жаатынан айдын жаңырганы дайын болот.
أولاً: أن يكون الاقتران قد حدث فعلاً قبل غروب الشمس.
Алгач күн батуусунан мурда күн ай жана жер бир түз сызыкта жаткан болуу керек, тагыраак айтканда айдын синодикалык мезгили жүзөгө келип толушу керек. Муну арабчада ولادة الهلال деп аталат. Орусчада болсо “новолуние” делинет.
ثانياً: لقبول إمكانية رؤية الهلال لا بد أن تتحقق الشروط الفلكية التالية:
Экинчиден: айдын көрүнгөндүгүн кабыл кылуу үчүн төмөнкү астрономиялык шарттар жүзөгө келүүсү шарт.
أ – أن يغرب الهلال بعد غروب الشمس في موقع إمكانية الرؤية.
а – айды көрүү мүмкүн болгон жерде ай күндөн кийин батуусу.
ب – ألا تقلّ زاوية ارتفاع القمر عن الأفق عند غروب الشمس عن (5°) خمس درجات.
б – күн баткан учурда айдын горизонттон бийиктиги 5 градустан аз болбостугу.
ج – ألاّ يقلّ البعد الزاوي بين الشمس والقمر عن (8°) ثماني درجات.
в – ай менен күндүн ортосундагы бурчтук алыстык (элонгация- elongathion) 8 градустан аз болбостугу.
Төмөнкү өлчөмдөрдө айдын көрүнгөндүгүн бир канча астрономиялык обсерваториялардын тажрыйбалары тастыктаган.
* عمر الهلال: أصغرعمر هلال تمت رؤيته بالعين المجردة كان 15 ساعة و 33 دقيقة، و ذلك من قبل الراصد بيرس (Pierce) يوم 25/02/1990م، أما بالمرقب فقد كان أصغر عمر هلال تمت رؤيته هو 13 ساعة و14 دقيقة، و ذلك من قبل الراصد ستام (Stamm) يوم 20/01/1996م.
Айдын өмүрү: айдын көз менен көрүнүүсү үчүн анын өмүрүнүн эң азы 15 саат 33 минут болуу керек. Бул тажрыйба “Pierce” обсерваторисы тарабынан 1990-жыл 25-февралда ишке ашкан.
Ал эми айдын телескоп менен көрүнүүсү үчүн анын өмүрүнүн эң азы 13 саат 14 минут болуу керек. Бул тажрыйба “Stamm” обсерваториясы тарабынан 1996-жылы 20-январда ишке ашырылган.
* مكث الهلال: أقل مكث هلال تمت رؤيته بالعين المجردة كان 29 دقيقة، و ذلك من فلسطين يوم 20/09/1990م، أما بالمرقب فقد كان أقل مكث هلال تمت رؤيته هو 21 دقيقة، و ذلك من قبل الراصد ستام (Stamm) يوم 02/11/2005م.
Айдын туруусу: айдын көз менен көрүнүүсү үчүн анын күн баткандан соң асманда туруусунун убактысы эң аз дегенде 29 минут болуу керек. Бул тажрыйба Палестина обсерваториясы тарабынан 1990-жылы 20-сентябрда күзөтүлгөн.
Ал эми айдын телескоп менен көрүнүүсү үчүн анын күн баткандан соң асманда туруусунун убактысы эң аз дегенде 21 минут болуу керек. Бул тажрыйба “Stamm” обсерваториясы тарабынан 2005-жылы 2-ноябрда күзөтүлгөн.
* الاستطالة: أقل استطالة لهلال تمت رؤيته بالعين المجردة كانت 7.7 درجة، و ذلك من قبل الراصد بيرس (Pierce) يوم 25/02/1990م، أما بالمرقب فإن أقل استطالة لهلال تمت رؤيته كانت 6.4 درجة و ذلك صباح يوم 13/10/2004م من قبل الراصد ستام (Stamm).
Күндүн борборунан айдын бурчтук эсеби боюнча алыстыгы: айдын көз менен көрүнүүсү үчүн айдын күндөн алыстыгы (элонгация- elongathion) эң аз дегенде 7.7 градус болуу керек. Бул тажрыйба “Pierce” обсерваториясы тарабынан 1990-жылы 25-февралда ишке ашырылган.
Ал эми айдын телескоп менен көрүнүүсү үчүн айдын күндөн алыстыгы (элонгация- elongathion) эң аз дегенде 6.4 градус болуу керек. Бул тажрыйба “Stamm” обсерваториясы тарабынан 2004-жылы 13-октябрда күзөтүлгөн.
Ошентип, имам Абу Райхан ал-Берунийден 10 кылым өткөндөн соң дүйнөлүк тажрыйбада эң аз дегенде төмөнкүдөй шарттарда Ай көз менен көрүлдү:
1-Күн баткан учурда Айдын өмүрү 15 саат 33 минут
2-Ай менен күндүн батуусунун ортосундагы айырма 29 минут
3-Күн баткан учурда Айдын Күндөн бурчтук алыстыгы 7,7°
4-Күн баткан учурда Айдын горизонттон бийиктиги 5°
Ошондо төмөнкүдөй көрүнүш келип чыгат:
Бүгүнкү күнгө чейин мындан ылдый шарттарда Ай көз менен көрүлө элек.
Мисалы, жогорку айдын синодикалык жадыбалындагы маалыматка көрө 2018-жыл 15-май саат 17:49:50 дө Шааъбан айы менен Рамазан айынын ортосундагы жер, ай жана күндүн бир түз сызыкка жатуусу жүзөгө келген. Эми Бишкек координаты боюнча 15-майда саат 20:17:06 да күн горизонттон батат эле. Ал эми ошол учурдагы айдын абалын эсептеп көрсөк, төмөнкүдөй абалда болгон:
Айдын күндөн бурчтук алыстыгы (elongathion) 5°, болсо айдын горизонттон бийиктиги (аltitude) 3,61° болду. Ошондой эле күн баткан учурда айдын өмүрү 07 саат 31 минут 58 секунд болчу. Ал эми ай күндөн 19,683 минуттан соң баткан. Демек, 15-майда Бишкек координаты боюнча саат 20:17:06 күн баткан учурда айдын абалында көз менен көрүнүү үчүн бир да шарт табылган жок. Ошондуктан бизге 2018-жылы 16-майда Рамазан айына кирүү мүмкүн эмес болчу. Андыктан биз Шааъбан айын 30 га толтуруп, 17-майда Рамазанга кирдик.
Ошондой эле Рамазан айы менен Шаввал айынын ортосундагы жер, ай жана күндүн бир түз сызыкка жатуусу жогорку жадыбалга көрө 2018-жылдын 14-июнь Бишкек сааты менен 01:45:04 болгон. Ал эми ошол күнү (14-июнда) Бишкек координаты боюнча саат 20:41:15 те күн баткан. Эми ошол сааттагы айдын абалын эсептегенибизде төмөнкүдөй абал келип чыккан:
Айдын күндөн бурчтук алыстыгы (elongathion) 11,43°, болсо айдын горизонттон бийиктиги (аltitude) 4,98° болду. Ошондой эле күн баткан учурда айдын өмүрү 18 саат 56 минут 11 секунд болчу. Ал эми ай күндөн 30,75 минуттан соң баткан. Демек ай көз менен көрүнүүсү үчүн коюлган шарттардын баары (төртөө тең) табылды. Ошондуктан Рамазан айын 29 күн кылып, 15-июнда айт өткөрдүк.
Бүгүнкү күндө Айдын мындай абалын эсептеп чыгып, алдын ала айтуунун эч кыйынчылыгы жок. Ошондой эле алдын ала айтуу эч кандай “көзү ачыктык”ка да жатпайт. Мисалы сиздин кол саатыңыздагы убакыт 12:47 ни көрсөтүп турса, сиз 13 минуттан соң саат 13:00 болот десеңиз көзү ачыктыкка жатабы. Ооба эч качан көзү ачыктыкка жатпайт. Демек айдын абалын да алдын ала эсеп менен айтса сааттан кабар бергендей көзү ачыктыкка жатпастыгы белгилүү.
إِخْتِلَافُ الْمَطَالِعِ
Айдын чыгуусу ар башка жерлерде ар түрдүү болуусу
Жогорку эрежелерге караганда, биздин жергебизде айдын 29-суткасында күн баткан учурда айдын өмүрү 12 саат 33 минуттук болсо, аны көз менен көрүү мүмкүн эмес. Ал эми ошол эле күнү Саудияда же Түркияда күн баткан учурда айдын өмүрү 15 саат 33 минуттук болот да аларда айды көз менен көрүү мүмкүнчүлүгү пайда болот. Себеби ай көз менен көрүлүүсү үчүн эң аз дегенде айдын өмүрү 15 саат 33 минуттук болсун деп айтылды. Ошондо биз Саудия же Түркия айды көрүшкөн болсо аларды ээрчип Рамазанга кирип орозо кармап же андан чыгып, айт кылышыбыз керекпи же жокбу?
Айды көрүүнүн маселесинде негизги суроо ар башка жерлерде болуу туурасында. Күн менен ай дүйнөдө дайыма бар. Күн бир жерде чыгып жатса, экинчи жерде батып, үчүнчү жерде түш болот, дагы башка жерде түнкү убакыт болот. Ошол сыяктуу эле ай бир жерде биринчи күндүк болуп көрүнсө, экинчи жерде андан да чоңураак болот, дагы бир жерде көрүнбөйт. Мындай абалда кайсыл бир жерде айдын жаңырганын адамдар көрүп, алардын күбөлүгү ай көрүнө элек жерге толук шарияттын эрежеси менен жетсе, ошол жердегилерге ай көрүнгөн өлкөнүн күбөлүгү өтөбү же өтпөйбү? Ушул маселе жөнүндө мужтахидтер жана факих аалымдар ар түрдүү сөздөрдү айтышкан. Бул карама – каршы ойлордун себеби аймактын жайгашуу ордун эске албагандардын ою боюнча дүйнөдө мындай карама каршылык жок дегендик эмес. Бул жердеги сөз, карама каршылык бар туруп шарияттын өкүмүндө ошол эске алынабы же жокпу? Исламда ай менен күн жана анын айлануусу анын абалынын акыйкаты максат эмес. Бул жердеги максат Алланын өкүмдөрүнө баш ийүү. Алардын айлануусун ошол өкүмдөрдүн убакыттарынын белгилери катары эреже кылынган. Бул маселеде үммөттүн факихтери, сахааба, табиъийн жана андан кийининки аалымдар үч мазхабта (үч түрдүү пикир-көз карашта):
1 –Айдын көрүнүүсүн ар бир жерде ар бир абалда эске алынат.
2 – Ар бир жерде ар кандай абалда эске алынбайт.
3 – Аралыгы алыс шаарларда эске алынат. Жакынкы аралыкта эске алынбайт.
Ушул үч түрдүү карама каршы пикирде болгон үммөттүн факихтери Ханафий, Шафиъий, Маликий жана Ханбалий мазхабтарынын төртөөсүндө тең бар. Көпчүлүк менен азчылыкта болгону айырма бар. Мазхабтардагы айтылгандарды толук Аллама Усмааний (рахимахуллах) «Сахийху Муслим»ге жазган шархында жазып кеткен. Илимдүүлөр ошол китептен окуса болот.
Эске алуу керек!, (ар бир аймак өзүнүн жеринде айды көрсө орозо кармайт же айт кылат, башка жердин көргөн айы менен орозо кармабайт же айт кылбайт) деген аалымдардын айтуусу боюнча күндүн чыгышынын ар түрдүү болуусун бардыгы эске алышат. Бир эле убакытта бир өлкөдө таңкы намаз болсо, экинчи жерде шам же куптандын убактысы болот. Бир шаарга экинчи шаарды ээрчигенге болбойт. Ушул сыяктуу айдын маселесинде айдын чыккан ордуна жараша чечим чыгарыш керек. Бир жерде күбөлүк толук шарияттын эрежесине ылайыктуу берилсе, бул экинчи жерге жетсе да экинчи жердегилер үчүн бул күбөлүк далил болбоосу керек.
Эске албаш керек!, (жер шарынын кайсы жеринде ай көрүнсө, бүт ааламга орозо кармоо же айт кылуу шарт) дегендердин айтуусу боюнча айдын маселесинде Пайгамбар соллаллоху алайхи васаллам бүткүл үммөткө айткан: «Айды көрүп орозо кармагыла, айды көрүп орозону токтоткула». Бул жерде ар бир адамдын көрүүсү зарыл эмес. Кээ бирөөсүнүн көрүүсү жетиштүү. Ошондуктан бир шаардын мусулмандарынын айды көрүүсү башкалар үчүн жетиштүү болот. Андыктан шарияттын эрежесине (талаптарына) ылайыктуу күбөлүк менен бир шаардагы айды көрүү аныкталса, булардын күбөлүгү кайсыл жерге жетсе алардын ортосу канчалык алыс болбосун, чыгыш менен батыштын аралыгынча алыс болсо да, аларды ээрчүүсү зарыл.
Аралыгы алыс шаарларда эска алуу керек жакын аралыктагыларда эске албаш керек, дегендердин айтуусу боюнча өз ара жакын шаарларда өтө аз айырмачылык болот. Буга көңүл бурбаса деле болот. Алыскы шаарларда айырмачылык чоң жана ачык болгондугун эске албай коюу туура эмес. Имам Аъзам Абу Ханифадан (рахимахуллах) Харирунун риваяты мындай дейт: «Эске албоо керек». Муну көпчүлүк Ханафий мазхабынын аалымдары далил катары карманышып, чыгыш менен батыштын аралыгында эске албастан бир жердеги айды көрүүнү экинчи жер үчүн далил дешкен. Ошондой эле Ханафий мазхабынын аалымдарынын бир тобу үчүнчү мазхабты тандашкан. Өз ара алыс шаарларда эске алуу керек дешкен. Ханафий аалымдарынан чоң белгилүү аалымдар Зайлиъи жана Сахибу Бадаа’иъус Санаа’иъ – Абу Бакр Каасаний (рахимахумаллах) акыркы сөздү – үчүнчү мазхабты алышкан.
هَذَا اِذَا كَانَتِ الْـمَسَافَةُ بَيْنَ الْبَلْدَتَيْنِ قَرِيْبَةٌ لاَ تَخْتَلِفُ فِيْهَا الْـمَطَالِعَ فَاَمَّا اِذَا كَانَتْ بَعِيْدَةً فَلاَ يَلْزَمُ اَحَدَ الْبَلَدَيْنِ حُكْمُ الْآَخَرِ لِاَنَّ الْـمَطَالِعَ الْبِلاَدِ عِنْدَ الْـمَسَافَةِ الْفَاحِشَةِ تَخْتَلِفُ فَيُعْتَبَرُ فِى كُلِّ اَهْلِ بَلَدٍ مَطْلَعُ بِلاَدِهِمْ دُوْنَ الْآخَرِ.
«Бул (эске албоо керек) делингени, эгер эки өлкөнүн ортосу (айдын) чыгуучу орду ар түрдүү болбогудай деңгээлде жакын болсо (мисалы борбордук азия өлкөлөрү сыяктуу). Ал эми экөөнүн ортосу алыс болсо бир өлкөнүн көргөн айы менен экинчи өлкөгө орозо кармоо шарт эмес. Анткени өтө алыс болгондо ар бир өлкөнүн (ай) чыгуучу орундары түрдүүчө болот. Ошондуктан ар бир өлкө башка өлкөнүн эмес өзүнүн (ай) чыгуучу ордун көңүлгө алсын.
Бадаа’иъус Санаа’иъ 2 — т, 83 — б.
وَ الْاَشْبَهُ اَن يُّعْتَبَرَ لِاَنَّ كُلَّ قَوْمٍ مُخَاطَبُوْنَ بِمَا عِنْدَهُمْ وَ انْفِصَالُ الْهِلاَلِ عَنْ شُعَاعِ الشَّمْسِ يَخْتَلِفُ بِاِخْتِلاَفِ الْاَقْطَارِ وَ كُلَّمَا تَحَرَّكَتِ الشَّمْسُ دَرَجَةً فَتِلْكَ طُلُوْعُ فَجْرٍ لِقَوْمٍ وَ طُلُوْعُ شَمْسٍ لِآخَرَ وَ غُرُوْبٌ لِبَعْضٍ وَ نِصْفُ اللَّيْلِ لِغَيْرِهِمْ
Эң туурасы Эске алуу керек! (ар бир аймак өзүнүн жеринде айды көрсө орозо кармайт же айт кылат, башка жердин көргөн айы менен орозо кармабайт же айт кылбайт). Анткени ар бир коом өзүнүн алдындагы нерсеге чакырылат. Ар кайсы жерде күн нурунун жарыгы тийген себебинен ай жаңырган учурдагы анын фазасынын өлчөмү түрдүү формада болот. Ошондой эле күндүн ар бир жылган градусунун себебинен кайсы бир жерде таң жүрсө, башкасында күн чыгат, дагы башка жерде күн батса, наркысында түн жарымы болот.
Зайлиъи 1 -т, 321 — б.
Ошентип, күндүн чыгуучу орундары аймактарда түрдүүчө болуусуна айдын чыгуучу орундары да аймактарда ар түрдүү болуусу салыштырылды.
Үчүнчү мазхабты (пикирди) кармангандар имам Муслим өз китебинде Мухаммад ибн Хармала ал Курайбтен кылган риваятын далил кылышат:
عَنْ طَرِيقِ مُحَمَّدِ بْنِ أَبِي حُرْمَلَةَ، عَنْ كُرَيْبٍ، أَنَّ أُمَّ الْفَضْلِ بِنْتِ الْحَارِثِ بَعَثَتْهُ إِلَى مُعَاوِيَةَ بِالشَّامِ، قَالَ: فَقَدِمْتُ الشَّامَ فَقَضَيْتُ حَاجَتَهَا، وَاسْتَهَلَّ عَلَيَّ رَمَضَانُ وَأَنَا بِالشَّامِ، فَرَأَيْتُ الْهِلَالَ لَيْلَةَ الْجُمْعَةِ، ثُمَّ قَدِمْتُ الْمَدِينَةَ فِي آخِرِ الشَّهْرِ، فَسَأَلَنِي عَبْدُ اللهِ بْنُ عَبَّاس رَضِيَ اللهُ عَنْهُمَا، ثُمَّ ذَكَرَ الْهِلَالَ، فَقَالَ: مَتَى رَأَيْتُمُ الْهِلَالَ؟ فَقُلْتُ: رَأَيْنَاهُ لَيْلَةَ الْجُمْعَةِ، فَقَالَ: أَنْتَ رَأَيْتَهُ؟ فَقُلْتُ: نَعَمْ، وَرَآهُ النَّاسُ، وَصَامُوا وَصَامَ مُعَاوِيَةُ، فَقَالَ: لٰكِنَّا رَأَيْنَاهُ لَيْلَةَ السَّبْتِ، فَلَا نَزَالُ نَصُومُ حَتَّى نُكْمِلَ ثَلَاثِينَ أَوْ نَرَاهُ، فَقُلْتُ: أَوْ لَا تَكْتَفِي بِرُؤْيَةِ مُعَاوِيَةَ وَصِيَامِهِ، فَقَالَ: لَا، هٰكَذَا أَمَرَنَا رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ (رواه مسلم في صحيحه)
«Албетте Умму Фазл бинту ал-Хаарис Курайбты Шамдагы Муьаавияга жиберди. Курайб:
“Мен Шамга келдим да кажетимди бүтүрдүм. Анан мен Шамда жүргөн кезимде мага жуманын кечинде ай көрүнүп калды. Соң айдын аягында Мадинага келдим. Абдулла ибн Аббас менден ай жөнүндө сурап:
“Качан көрдүңөр айды?”, деди. Мен:
“Жума күнүнүн кечесинде көрдүк”, деп жооп бердим. Ал:
“Сен өзүң (өз көзүң менен) көрдүңбү?”, деди. Мен:
“Ооба, эл да көрдү. Эл да Муьавия да орозо кармады”, деп жооп бердим. Ошондо ал:
“Бирок биз ишембинин түнүндө көрдүк айды, андыктан биз орозону уланта беребиз отузга толтуруп же айды көрүп анан орозону аяктайбыз”, деди. Анан мен:
“Муьавиянын көргөнү менен орозо кармаганы жетиштүү эмеспи?!”, деп айттым. Ал:
“Жок! Бизге Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) ушундай кылууну буюрган”, деди.”
(Имам Муслим риваяты)
Маулана Анвар Шах Кашмирий (рахимахуллах) да ушуга басым жасаган. Шабир Ахмад Усмаани (рахимахуллах) Фатхул Мулхимде ушул акыркы сөзгө басым жасап бир нерсени эске алган. Өзгөчө азыркы доордо чыгыш менен батыштын аралыгын бир нече саатта айланып чыгып жаткан учурда анын сөзүнө карай турган болсок, ушул акыркы сөз басымдуу экени байкалат.
Ал мындайча: Куран менен хадисте ачык жана чечкиндүү түрдө айтылганына көрө, ар бир ай 29 күндөн аз жана 30 күндөн көп болбойт. Эгерде аралыгы алыс шаарларда жана чыгыш менен батыштын ортосунда бул нерсени эске албай турган болсок, Куран — хадис көрсөткөн ачык нерсеге каршы келип калат. Себеби кайсы бир өлкөдө 28 –күнү башка өлкөдөн ай көрүнгөнүнө күбөлүк келсе, ошол өлкөнү ээрчий турган болсо алар үчүн бул ай 28 күн болуп калат. Ошондой эле эгер, кайсы бир өлкөдө Рамазандын 30 – күнү алыс өлкөдөн күбөлүк менен бүгүн 29 – күн, эгер ай көрүнбөсө эртең орозо делинсе, ошол күнү ай көрүнбөсө 31 күн орозо кармаганга туура келет да ай 31 күн болуп калат. Бул Куран, хадис айткан санга каршы келип калат. Ошондуктан алыскы өлкөлөрдө да эске алуу керек. Эгерде 28 күндө айды бүтүрүшсө бул жердегилер бир күн кечигип баштаган болот да бир күндүк орозонун казасын кармап берүү важиб болот. Ошондой эле 31 күн болгон жердеги адамдар бир күн мурда баштаган болушат да булардын биринчи күндөгү орозосу туура эмес болуп калат. Эгерде хадисте келген мааниге — 29 менен 30 ду азайткан көбөйткөн болуп эсептелбейт деп айтса, буга жооп мындайча: Алар айды көрүү же күбөлүктүн эрежесине ылайыктуу айды баштаса, алыскы жердеги адамдардын күбөлүгүн карап жергиликтүү күбөлүктү же айды көрүүнү туура эмес же аны жалганга чыгаруу акылга да сыйбайт шариятка да дал келбейт. Ошондуктан мындай деп айтуу туура эмес.
Аллама Усмаании (рахимахуллах)нин ушул тактоосунан жакын шаарлар менен алыс шаарлардын аралыгы канча болушу керектиги белгилүү болду. Бир шаарда айдын көрүнгөндүгү экинчи шаарда эске алынса, айдын ичиндеги күндөр 28 же 31 болуп калса бул эки шаарда эске алынат. Кайсы жерде мындай болбосо эске алынбайт. Менин оюмча имам Абу Ханифа (рахимахуллах) жана башка аалымдар эске алынбайт дегендигинин себеби мындай болушу мүмкүн: Ошол учурда алыскы өлкөлөрдө бир өлкөнүн күбөлүгү экинчи өлкөгө жетүүсү мүмкүн эмес болгон. Мындай мүмкүн эмес нерселердин өкүмдөргө таасири тийбейт. Факихтердин эрежесинде мүмкүн эмес нерсени жок деп эсептелинет. Ошондуктан эске алынбайт дешкен. Бирок бүгүнкү күндө учак менен бир учурда бүткүл дүйнөнү кыдырылып жатат. Бир жердин күбөлүгүн экинчи жерге жеткирүү мүмкүн болуп калды. Андыктан чыгыштын күбөлүгү батышка, батыштыкын чыгышка далил боло алат десек кээ бир жерде айдын күндөрү 28, кээ бир жерде 31 күн болуп калат. Ошондуктан алыскы өлкөлөрдө айдын күндөрүндө ушундай айырмачылык болуп калса эске алуу Ханафий махзабына өтө дал келет.
Буга чейин да, бүгүнкү күндө да жаңы айды көрүү маселеси аалымдар ортосунда талаштуу маселелердин бири катары келүүдө.
Көптөгөн аалымдардын көз карашы мындай: бир жайда Рамазан айын шаръий жол менен (ишеничтүү күбөнүн күбөлүгү менен) көрүнсө, ааламдагы жалпы мусулмандарга орозо кармоо важиб болот, дал ушундай көрүнүштө Шаввал айы көрүнсө мусулмандар орозону токтотуп айт кылуусу важиб болот. Бул сөз Ахмад ибн Ханбалдын (рахимахуллах) мазхабындагы белгилүү риваяттардан. Башка мазхабтын аалымдары да келишим менен ушуга кошулушкан. Биздин зохир (ачык) мазхабыбыздын сөзү да ушул. “Радд ул-мухтар”да мына ушул сөзгө фатва берилген. “Фатавайи Казыхан”да айтылуусунча мазхабыбыздын Зохиру риваятына көрө айдын түрдүү жайларда түрдүү убакытта көрүнүүсүнө көңүл бурулбайт. “Хуласат ал-фатава”да ушуга фатва берилген. Абул Лайс ас-Самарқандий жана Шамс ул-аимма ал-Халваий (рахимахумаллах) ушуга фатва берип, батыш эли Рамазандын айын көрсө, чыгыш элине да орозо кармоо важиб болот, деп айтышкан.
Алар Пайгамбарыбыздын (соллаллоху алайхи васаллам):
إذا رأيتموه فصوموا و إذا رأيتموه فأفطروا
“Качан айды көрсөңөр, анан орозо кармагыла жана качан аны көрсөңөр орозону бүтүргүлө!” (Абу Хурайрадан (разияллаху анху) Имам Бухарий риваяты) деп айткан сөзүн жалпылай айтылган, деп далил кылышат.
Демек, ааламдын кайсыл бир бурчунда Рамазандын айы шаръий жол жана шарттары менен көрүнсө, дүйнөдөгү жалпы мусулмандар ушуга келишим кылып, орозону баштоосу фарз болот!
Мына ушундай көз караш исламий эмес өлкөлөрдө, айды көрүү тийиштүү жолдору менен, шаръий күбөлөр менен болбогон өлкөлөрдө жашаган мусулмандарга өтө кол келет. Алар мусулман өлкөлөрдүн айды көрүп орозо кармоону баштоосу менен өздөрүнүн орозолорун да баштай беришет.
Ошондуктан өз шаарынын эли Рамазандын айын көрбөсө, же аба булуттуу болуп, ай көрүнбөсө, башка шаардын казысынын алдына эки күбө келип айды көрөгөндүктөрүнө күбөлүк беришсе жана мына ушул күбөлүккө дагы эки күбө келип Рамазан айын көрбөгөн шаар элинин казысынын алдында күбөлүк беришсе, же ошол шаарда ай көрүнгөндүгү кабары жалпылай жарыя кылынып, кабарлар таратылса, ошол казы мына ушул шаар эли менен бирге Рамазанды баштаса болот.
Бирок, мындай көз карашка амал кылуу ошол доордун өзүндө эле кыйын болгондугу себептүү кабыл кылынбай келинди. Жадагалса бүгүнкү күндө да, жаңылыктар желдей тез тарап жаткан учурда, бул жаатта өлкөлөр ара келишимдердин жоктугу, мусулман аалымдарынын биримдиги бекем эместиги себебинен бул маселе күн тартибинде дагы эле орчундуу бойдон калууда.
1966-жылда Каирде өткөн Ислам Конференциясында аалымдар айдын чыгуучу ордунун түрдүүчөлүгүнө көңүл бурулбайт деп чечим чыгарышкан. Ошентип араб өлкөлөрүнүн баары бир күндө орозону баштоого келишип алышкан. Бирок өкүнүчтүүсү, бул келишимге азырга чейин толук амал кылынбай келүүдө.
Жогоруда айтылып өткөн көйгөйлөр ошондой эле анын негизи, айдын түрдүү жайларда түрдүү убакытта чыгуусу себептүү. Көптөгөн аалымдар ай көрүнгөн жайда жана ай чыгуусу бир убакытка туура келген орундарда ай көрүнгөндөн соң орозо башталат, деген пикирге токтолушкан. Бул Ибн Таймия баш болгон ахли хадистердин да ыктыяр кылып тандаган жолу. Имам Шафиъий (рахимахуллах) мазхабы да ушундай. Икрима, Касым ибн Мухаммад, Салим ибн Абдуллах, Исхак жана Ахнаф (рахимахумуллах) сыяктуу таабиъиндер да ушул пикирде болушкан. Биздин мазхабтын кийинки аалымдары да ушул пикирге бир добуштан кошулушкан. Алардан, “Татархания”да бир шаардын эли айды көрсө, башка шаардын элине да орозо кармоо важиб болобу, деген суроого жооп берилип, бул важиб болбойт, туурасы ар бир шаар элине өздөрүнүн айды көрүүсү маанилүү болот, делинген.
Сахабалардын улууларынан болгон Ибн Аббастын (разийаллоху анху) жогоруда айтылган хадистеги сөзүнө көрө, таабиъиндерден Икрима, Касым ибн Мухаммад, Салим ибн Абдуллах, Исхак ибн Рохавайх (рахимахумуллах) сыяктуу заттар айды бир шаардын эли көргөнү менен башка шаардын эли көрбөсө, аларга орозону баштоо важиб болбойт, деген көз карашта болушкан. Имам ал-Газзалий (рахимахуллах) да ушул пикирде болгон.
Демек, айдын чыгуусу, көрүнүүсү (матаалиъ ал-хилал) түрдүүчө болгон жайларда ошол ай көрүнгөндө орозо кармоо же орозону бүтүрүү керек болот. Имам ал-Кудурий эки шаар ортосунда аралыкта айырма болгону менен ай көрүнүүсүндө айырма болбосо, алар биргеликте орозону баштоосу жана бүтүрүүсү мүмкүн, деген. Ошондуктан Шамс ул-аимма ал-Халваий (рахимахуллах) сыяктуу ишенимдүү факихтерибиз бул сөздү сахих (туура) деп фатва беришкен. Кийинки доор аалымдарынан Имам ат-Тахавий (рахимахуллах) “Маракий ал-фалах”тын хашыясында ай чыгуусу түрдүүчө болуусу менен орозонун башталуусу же бүтүүсү да түрдүүчө болот, деген.
Мавлана Алий ал-Кары (рахимахуллах) орозонун важиб болуу себеби айдын кирүүсү, тагыраак айтканда анын көрүнүүсү, бул намазга убакыт себеп болгонуна окшош, дейт. Бир шаарда күн батканы менен шам намазын окуу башка шаардагыларга важиб болбогону сыяктуу ай бир шаарда көрүнгөнү менен ай көрүнбөгөн башка шаардагыларга орозону баштоо важиб болбойт.
Айдын көрүнүүсү, чыгуусу түрдүүчө, айырмалуу болуусу астрономия илиминин эрежелерине көрө аныкталат. Ай көрүнүүсүнүн айырмалуу болуусунун эң аз аралыгы 1 айлык жол. Имам аз- Зайлаъий (рахимахуллах) да ушуга кошулган.
Муфтий ассакалайн, тагыраак айтканда инсан жана жиндин муфтийси деген ылакапты алган, акыйда илиминин атактуу устаздарынан бири Абу Хафс Нажмиддин Умар ан-Насафий (рахимахуллах) бир шаар башка шаарга көз каранды болбосо, алардын жаңы айды көрүүсү менен орозону баштап жиберишпейт, аны түгөтүшпөйт да, деп фатва берген. Бир шаарга көз каранды болгон шаарча жана кыштактар гана алардын көргөнүн көңүлгө алат. Жадагалса Абу Хафс ан-Насафийдин (рахимахуллах) айтуусуна караганда, 531/1137 жылда Самарканд эли Самаркандда Рамазан айын дүйшөмбү күнү көрүп, орозону башташыптыр. Соң бир жамаат Рамазандын жыйырма тогузунчу күнү шейшемби күнү келип, “Кеш (Шахрисабз) эли айды жекшемби күнү көрүптүр, андыктан бүгүн Рамазандын акыркы күнү экен”, деп күбөлүк беришиптир. Казы өкүм кылыптыр, жарчы адамдарга “Бүгүн Рамазандын акыркы күнү, эртең айт”, деп жарыя кылат. Кечинде аба ачык болуп турса да бир да булут болбосо да, Самарканд эли айды көрө алышпайт. Ошондой болсо да эртеси шаршемби күнү айт намазы окулат. Абу Хафс ан-Насафий (рахимахуллах) казынын тутган жолун ката деп билет, ошол түнү (күбөлөр келип күбөлүк берген жыйырма тогузунчу кечеде) таравих намазын токтотпоого, шаршемби күнү болсо орозону ачпай улантууга жана айт намазын окубастыкка фатва берди да “Туурасы ушул!” деди.
Мазхабыбыздын таянычтуу фикхий китептеринен бири “Мухтаарат ан-Навазил”де келген, бир шаардын эли Рамазан айын көрүп 29 күн кармады. Башка шаардын эли да Рамазандын айын көрүп 30 күн кармады. Биринчи кармагандарга, эгер ортолорунда ай көрүүдө айырма болбосо, бир күн каза кармоого буюрулат. Ал эми ай көрүнүүсү айырмалуу болсо, каза важиб эмес. Ушул фатва Мавлана Абдулхай Лакнавийдин (рахимахуллах) “Мажмуат ал-фатаава”сында да келтирилген.
“Фатаавайи Казыхан”да келген: Бир шаардын эли Рамазандын айын көрүп орозо кармоону баштаса. Жыйырма тогуз күн орозо кармагандан соң бир жамаат келип балан шаардын эли силерден бир күн мурда айды көрүп орозо кармашууда, бүгүн Рамазандын отузунчу күнү, деп күбөлүк берсе. Ошол түнү Шавалдын айын асман ачык болуп, күн бүркөө болбосо да бул шаардын эли көрбөсө, аларга орозону ачууга, токтотууга уруксат жок. Таравих намазаын да ошол кечеде окушат”.
Мына ушул далилдерге көрө ар бир журт өзү жаңы айды көрүүгө аракет кылуусу жана ошого карап амал кылуусу шарт. Демек Саудия Арабистаны же башка мусулман өлкөлөрүнүн Рамазанды баштоосу биздин орозону баштообузга бир күн айырма кылуусу мүмкүн. Ар бир журттун ишеничтүү адамдары бар, аалымдары, жооптуулары бар. Ушул журтта орозонун башталуусуна жана бүтүүсүнө алар жооптуу. Жөнөкөй жарандар, карапайым адамдар, жалпы мусулмандар жамааты жетекчилерге, иш башчыларына моюн сунуу керектиги маанисиндеги аяттын буйругуна көрө өз журтунун аалымдары жана жооптууларынын сөзүнө карап амал кылуусу шарт.
“Айдын чыгуучу ордунун түрдүүчөлүгүнө көңүл бурулбайт” деген маселенин келип чыккан өзөгү ханафий мазхабында эң жогорку даражада турган “Зохиру риваят” деп аталган Имам Мухаммад ибн Хасан аш-Шайбанийдин (рахимахуллах) калемине таандык болгон “Аз-Зияадат”, “Ал-Мабсут”, “Ал-Жаамиъус Сагийр”, “Ал-Жаамиъул Кабийр, “Ас-Сийарус Сагийр” жана “Ас-Сийарул Кабийр” аттуу алты китептерде айтылган деп доо кылынат.
Дегеле Ханафий мазхабындагы китептердин даражасы кандай тартиптештирилген? Төмөндө Ибну Аабидийн (рахимахуллах) “Укууду расмил муфтий” деген китепке жазган шархында айткан тартипти карап көрөлү:
قال العلامة ابن عابدين في شرح عقود رسم المفتي:
اعلم أن مسائل أصحابنا الحنفية على ثلاث طبقات:
الأولى: مسائل الأصول وتسمى ظاهر الرواية أيضا وهي مسائل رويت عن أصحاب المذهب وهم أبو حنيفة وأبو يوسف ومحمد رحمهم الله تعالى ويقال لهم العلماء الثلاثة وقد يلحق بهم زفر والحسن وغيرهما ممن أخذ الفقه عن أبي حنيفة لكن الغالب الشائع في ظاهر الرواية أن يكون قول الثلاثة أو قول بعضهم
ثم هذه المسائل التي تسمى بظاهر الرواية والأصول وهي ما وجد في كتب محمد التي هي المبسوط والزيادات الجامع الصغير والسير الصغير والجامع الكبير والسير الكبير وإنما سميت بظاهر الرواية لأنها رويت عن محمد برواية الثقات فهي ثابتة عنه إما متواترة أو مشهورة عنه
الثانية: مسائل النوادر وهي مسائل مروية عن أصحاب المذهب المذكورين لكن لا في الكتب المذكورة بل إما في كتب أخرى لمحمد غيرها ك الكيسانيات والهارونيات والجرجانيات والرقيات
وإما قيل لها غير ظاهر الرواية لأنها لم ترو عن محمد بروايات ظاهرة ثابتة صحيحة كالكتب الأولى
وإما في كتب غير محمد ككتاب المجرد للحسن بن زياد وغيرها
ومنها كتب الأمالي لأبي يوسف والأمالي جمع إملاء وهو أن يقعد العالم وحوله تلامذته بالمحابر والقراطيس فيتكلم العالم بما فتح الله تعالى عليه من ظهر قلبه في العلم وتكتبه التلامذة ثم يجمعون ما يكتبون فيصير كتابا فيسمونه الإملاء والأمالي وكان ذلك عادة السلف من الفقهاء والمحدثين وأهل العربية وغيرها في علومهم فاندرست لذهاب العلم والعلماء وإلى الله المصير وعلماء الشافعية يسمون مثله تعليقة
وإما بروايات مفرده مثل رواية ابن سماعة ومعلى بن منصور وغيرهما في مسائل معينة
الثالثة: الفتاوى والواقعات وهي مسائل استنبطها المجتهدون المتأخرون لما سئلوا عن ذلك ولم يجدوا فيها رواية عن أهل المذهب المتقدمين وهم: أصحاب أبي يوسف ومحمد وأصحاب أصحابهما وهلم جرا وهم كثيرون موضع معرفتهم كتب الطبقات لأصحابنا وكتب التواريخ
Билип алгын: Албетте Ханафий мазхабынын асхабтарынын (мужтахид аалымдарынын) маселелери үч даражадан турат:
Биринчиси: Масааилул усуул (усул маселелери) бул Зохиру риваят деп да аталат. Ал дегени мазхаб мужтахиддери болгон Имам Абу Ханифа, Имам Абу Юсуф жана Имам Мухаммад (рахимахумуллах) үчөөнөн риваят кылынган маселелер. Кээде бул үчөөнөн сырткары Имам Зуфар, Имам Хасан ибн Зияд (рахимахумаллах) жана ушул экөөнөн башка Абу Ханифадан (рахимахуллах) түздөн-түз илим алган башка мужтахид имамдардан болгон риваяттарда учурайт. Ошентсе да Зохиру риваятта көбүнчө жалаң үч имамдын же үчөөнөн кээ биринин риваяттары гана айтылган.
Мына ушул Зохиру риваят жана Усул деп аталган маселелер жалаң Имам Мухаммад ибн Хасан аш-Шайбаний (рахимахуллах) жазган жогорку алты китептерде гана жазылган. Анткени ал маселелерди Имам Мухаммаддын (рахимахуллах) өзү ишеничтүү болгон мутаватир же машхур риваяттар менен гана китепке киргизген. Кыскасы ошол алты китептин ичиндеги маселелердин баарын Имам Мухаммаддын (рахимахуллах) өзү өз колу менен жазган.
Экинчиси: Масааилун Наваадир. Бул да жогоруда айтылган мазхаб асхабтарынан риваят болгон маселелер. Бирок бул Имам Мухаммаддын (рахимахуллах) Зохиру риваят делинген китептеринен эмес, балким андан башка Ал-Кайсания, Ал-Харуния, Ал-Журжания жана Ар-Рукяаат аттуу киртептеринде риваят кылынган маселелер. Бул китептер Зохиру риваят делинген китептердин даражасына көтөрүлө алган эмес, анткени андагы риваяттар Зохиру риваяттагыдай мутаватир же машхур жол менен бекем болгон риваяттар эмес.
Андан сырткары Масааилун Нваадирге Имам Мухаммаддын (рахимахуллах) китептеринен сырткары Хасан ибн Зияд сыяктуу аалымдардын да китептери кирип кетет.
Мисалы Имам Абу Юсуфтун (рахимахуллах) “Ал-Амаалий”си. Ал-Аамалий дегени устаз олтуруп Кудай дилине салган нерселерди шакирттерине айтып берет, аны тыңшап олтурган шакирттери колдорундагы калем менен кагаз бетине укканын түшүрүп барат. Анан ошол жазылган нерселерди чогултушат, соң ал китепке айланат. Ушуну Аамалий деп аталат. Мындай кылуу мурдагы өткөн факих, хадис аалымдарынын жана араб элинин адаты болгон.
Же болбосо бул Масааилун Наваадирге Ибну Симааьа жана Маьлаа ибн Мансур (рахимахумаллах) сыяктуу аалымдардын жеке эмгектериндеги маселелер да кирип кетет.
Үчүнчүсү: Фатаавалар жана Ал-Ваакиьалар. Ал кийинки аалымдар өздөрүнөн суралган маселеге жогорку айтылган биринчи жана экинчи даражадагы риваяттардан далил таба алышпай, өздөрү ижтихад кылып тапкан маселелер. Алар Имам Абу Юсуф жана Имам Мухаммаддын (рахимахумаллах) шакирттери жана алардын шакирттери…
Бангладештик аалым Мухамамад Абдулмалик Email: abdulmalek09@gmail.com Postal address: 30/12 pallabi, Dhaka-1216, Bangladesh 1438-хижрий, 2017-миладий жылында өзүнүн “Истифтаа” деп аталган ай көрүү маселесиндеги “ихтилафул матаалиь”ге байланыштуу тактоо жана изилдөөлөрүнүн натыйжасында жазган макаласында төмөнкүлөрдү айтат:
“Ал-Бахру ар-Рааик”, “Ал-Фатаава ал-Хиндия”, “Ад-Дурру ал-Мухтар” жана анын хаашиясынан маалым болгон усулга көрө Ханафий мазхабынын “Зоохиру риваят”ында жогорку китептердин авторлорунун пикиринче ай көрүүдө “ихтилаафул матаалиъ”ге (ай көрүүдө ар бир жер өзүнүнүн географиялык шартынын түрдүүчөлүгүнө) көңүл бурулбайт. Ааламдын бир жеринде Рамазан айы көрүнсө ааламдын калган жагына да (айды көрбөсө да) орозо кармоо фарз болот. Маселен, Азияда ай көрүнбөй Европа же Араб жарым аралында ай көрүнсө Азиядагыларга да орозо кармоо фарз болот. Менин билишимче ушул жаатта сөзү алынган алгачкы адам Казыхан деген ат менен таанымал болгон Аллаама Хасан ибн Мансур ал-Узжандий (Өзгөндүк) (рахимахуллах). Анын айткан сөзүндө окуган адамга сыртынан ханафий мазхабынын Зохиру риваятында ихтилафул маталиъге көңүл бурулбайт деген түшүнүк байкалат.
Ал эми “Зохиру риваят” делинген китептерде жана Зоохиру риваятын негизги тамыры болгон риваяттарда да жогорку “ихтилафул маталиъге көңүл бурулбайт” деген сөз жана ал мааниге жакын болгон нерсе да айтылган эмес. Демек чийелишкен кырдаалда Зохиру риваятка таандык деп шилтеме берүү туура эмес.
Макалада жогорку акыйкаттар жана ушул кырдаалдар айтылды. Аллах өмүрлөрүнө береке берсин Азирети Муфтийлерден үмүтүм биздей алсыз пендени кечирип, бизге ой пикирлерин билдирип кетүүсүн жана эгер Зохиру риваяттан, усул китептеринен ушул маселеге таандык бир нерсе табышса мага эскертүү бере кетүүсүн да суранам. Макаладан максат риваяттардын күчтүүсү менен күчсүзүн аныктоо эмес, анткени ар бир адамдын өз ижтихады жана ою бар. Бирок ушул маселе Зохиру риваяттанбы же жокбу, аны аныктоо “ихбар” (билдирүү-жеткирүү) гана болот, ижтихад эмес. Ошондуктан бул маселени тактыгын изилдөө зарыл болот.
Бир аймакта ай көрүнсө экинчи аймакка да өкүмү жүрөт деген маселенин негизи Зохиру риваятта эмес “Наваадир”де саахибайндан (Абу Юсуф, Мухаммад рахимахуллах) гана айтылганында шек жок. Ал эми бул маселе Абу Ханифадан (рахимахуллах) Зохиру риваятта да жана Наваадирде да айтылган эмес. Бирок бул маселе аралыгы алыс болгон аймактарда да көңүлгө алынабы же жокбу? Казыхан (рахимахуллах) Наваадирдеги сахибайндын сөзү мутлак экендигине таянып, аралыгы алыс болгон аймактарда да көңүлгө алынбайт деп айткан. Казыхандын (рахимахуллах) замандаштары жана ага чейинкилер сахибайндын сөзүн үрптөгү түшүнүккө жоруп, аралыгы алыс болгон аймактарда көңүлгө алынат деп айтышкан. Себеби ошол учурдагы адамдардын түшүнүгүндө башка аймак дегени аралыгы жакын болгон аймакка болгон.
(Уландысы бар)
Абибилла ажы КАДЫРБЕРДИЕВ
Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин Төрагасы