«Уят – ыймандын бир бөлүгү» (Бухари, Муслим)
Азирети Муфтийдин Орозо айттагы дубасы
دعاء عيد الفطر
اللَّهُمَّ إنَّا نَسْأَلُك عِيشَةً تَقِيَّةً وَمِيتَةً سَوِيَّةً وَمَرَدًّا غَيْرَ مُخْزٍ وَلَا فَاضِح، اللَّهُمَّ لَا تُهْلِكْنَا فَجْأَة وَلَا تَأْخُذُنَا بَغْتَةً وَلَا تُعَجِّلْنَا عَنْ حَقِّ وَلَا وَصِيَّةَ.
Оо Алла Таалам, биз Сенден такыбалыкка толгон өмүрдү, жакшы жана бейпил өлүмдү, шерменде болбой турган жана маскара кылбай турган кайтууну сурайбыз. Оо Аллах, бизди капыстан жок кылба, күтүүсүз капилеттен жаныбызды алба, бизди акыйкаттан жана ыймандан ажырата көрбө.
اللَّهُمَّ إنَّا نَسْأَلُك الْعَفَافَ وَالْغِنَى وَالتُّقَى وَالهُدَى وَحُسْنَ عَاقِبَةِ الْاخِرَةِ وَالدُّنْيَا، وَنَعُوذُ بِكَ مِنْ الشَّكِّ وَالشِّقَاق وَالرِّيَاءِ وَالسُّمْعَةِ فِي دِينِك، يَا مُقَلِّبَ الْقُلُوبِ لَا تُزِغْ قُلُوبَنَا بَعْدَ إِذْ هَدَيْتَنَا وَهَبْ لَنَا مِن لَّدُنْكَ رَحْمَةً إِنَّكَ أَنْتَ الْوَهَّابُ.
Оо Алла Таалам! Биз Сенден уят-сыйыттуулукту, ар намысты, жакшы жашоону, такыбалыкты жана туура жолду, бул дүйнөдө да, акыретте да жакшы акыбетти сурайбыз. Диниңде шектенүүдөн, бөлүнүүдөн, эки жүздүүлүктөн жана «эл көрсүндүн» жамандыгынан сактанабыз. Оо, жүрөктөрдү бүлк-бүлк соктурган Зат, бизди туура жолго салгандан кийин дилибизди адаштырба жана бизге ырайым бер. Чындыгында, Сен – Чексиз Берешенсиң.
الله أكبر الله أكبر الله أكبر لا إله إلا الله،
الله أكبر الله أكبر ولله الحمد،
اللَّهُ أَكْبَرُ كَبِيرًا، وَالْحَمْدُ لِلَّهِ كَثِيرًا، وَسُبْحَانَ اللَّهِ بُكْرَةً وَأَصِيلًا، لَا إلَهَ إلَّا اللَّهُ وَحْدَهُ، صَدَقَ وَعْدَهُ، وَنَصَرَ عَبْدَهُ، وَأَعَزَّ جُنْدَهُ، وَهَزَمَ الْأَحْزَابَ وَحْدَهُ، لَا إلَهَ إلَّا اللَّهُ، وَلَا نَعْبُدُ إلَّا إيَّاهُ، مُخْلِصِينَ لَهُ الدَّيْنُ وَلَوْ كَرِهَ الْكَافِرُونَ،
اللَّهُمَّ صَلِّ عَلَى سَيِّدِنَا مُحَمَّدٍ، وَعَلَى آلِ سَيِّدِنا مُحَمَّدٍ، وَعَلَى أَصْحَابِ سَيِّدِنَا مُحَمَّدٍ، وَعَلَى أَنْصَار سَيِّدِنَا مُحَمَّدٍ، وَعَلَى أَزْوَاج سَيِّدِنَا مُحَمَّدٍ، وَعَلَى ذُرِّيَّةِ سَيِّدِنَا مُحَمَّدٍ وَسَلَّمَ تَسْلِيمًا كَثِيرًا.
Оо кудирети күчтүү кудайым! Сени эрте менен да, кечинде да аруулап тасбих айтабыз.
Сенден башка сыйынууга татыктуу зат жок, Сен жалгызсың. Сен Өз убадаңды аткардың, кулдарыңа жардам бердиң, аскериңди улук кылдың жана душмандарды Өзүң жалгыз жеңдиң.
Сенден башка сыйынууга татыктуу зат жок. Биз Сага гана ибадат кылабыз, динибизди Сага гана ыклас менен арнайбыз, каапырлар жактырбаса да.
Оо Аллах, пайгамбарыбыз Мухаммадга, анын үй-бүлөсүнө, сахабаларына, жардамчыларына, жубайларына жана урпактарына салават жана саламдарды жибер.
اللَّهُمَّ أَرْضِنَا بِقَضَائِك وَبِمَا قَسَمْتَهُ لَنَا، وَاجْعَلْنَا مِنَ الْحَامِدِين لَك فِي السَّرَّاءِ وَالضَّرَّاءِ،
Оо Аллах, бизди Өз тагдырыңа жана бизге бөлүп берген ырыскыңа ыраазы кыл. Бизди кубанычта да, кыйынчылыкта да Өзүңө шүгүр кылуучулардан кыл.
اللَّهُمَّ أَعْطِنَا خَيْرَ هَذَا الْيَوْمِ وَخَيْرَ مَا فِيهِ، وَاصْرِفْ عَنَّا شَرَّهُ وَشَرَّ مَا فِيهِ،
Оо Аллах, бизге бул күндүн жакшылыгын жана анда болгон бардык пазилеттерди бер, анын жамандыгынан жана андагы кесепеттерден бизди сактай көр.
اللَّهُمَّ ارْحَمْ مَوْتَانَا وَمَوْتَى الْمُسْلِمِينَ، اللَّهُمَّ تَقَبَّلْ مِنَّا الطَّاعَات وَاغْفِرْ لَنَا الْخَطَايَا وَالسَّيِّئَات.
Оо Аллах, биздин маркумдарыбызды жана бардык мусулмандардын көзү өткөндөрүн ырайымыңа ал.
Оо Аллах, биздин ибадаттарыбызды кабыл ал жана күнөөлөрүбүздү, каталарыбызды кечир.
اللَّهُمَّ إِنَّكَ شَرَّعْتَ الْعِيد فَرْحَةً وَسُرُورًا، فَتَمِّمْ يَا رَبِّ فَرْحَةً وَسُرُورًا عَلَيْنَا جَمِيعًا بِمَلَكٍ يُنَادِي مِنَ السَّمَاءِ قَائِلًا أَبْشِرْ بِخَيْرِ يَوْمٍ قَدْ مَرَّ عَلَيْكَ فَإِنَّ اللَّهَ قَدْ قَبِلَ عَمَلَك وَغَفَرَ ذَنْبَك وَقَضَى حَوَائِجَك وَأَعْطَاك سُؤَالَك.
Оо Аллах, Сен Айт күнүн кубаныч жана шаттык кылып белгиледиң. Эй Раббим, биздин баарыбызга бул кубанычты жана шаттыкты толук кыл. Асмандан бир периште чакырып: “Сүйүнчү! Сен үчүн эң жакшы күн келди. Чындыгында, Аллах сенин амалдарыңды кабыл алды, күнөөлөрүңдү кечирди, муктаждыктарыңды өтөдү жана сураганыңды берди” — деп айткандай кыла көр.
Йаа Хаййу, йаа каййуум, йаа бадиас-самавати вал-ард, йаа зал-жалаали вал-икром
Бизди жана бүткүл ааламды жоктон бар кылган, Өзүнүн бар экенин, сүйүүсүн жана ырайымын билдирген Улуу Раббибиз!
Бизди берекелүү Рамазан айыңа жеткирип, орозо кармоого мүмкүнчүлүк берип, бүгүнкү ыйык орозо айтка жеткиргениң үчүн миң мертебе шүгүр келтирдик.
Ырайымы менен бүт дүйнөнү, ааламды курчап турган, Рахман жана Рахим болгон Раббибиз! Жер менен асмандардын жалгыз ээси; жүрөктөрүбүздүн, сырларыбыздын, ниеттерибиздин, максаттарыбыздын жана мүдөө-тилектерибиздин жаратуучусу болгон Улуу Жаратканыбыз! Толук айтып жеткире албаган мактообузду, шүгүрүбүздү, дубаларбызды кабыл кыла көр!
Салат-саламыбызды, таазим жана урматыбызды Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафага, анын үй-бүлөсүнө, сахабаларына жана аны ээрчигендерге жолдойбуз. Кабыл кыла көр, Аллахым!
Эй ааламдардын Жаратуучусу! Ушул куттуу майрам таңында Сенин алдыӊа келдик. Сага татыктуу кул боло албаганыбыз үчүн уялып, Сенин даргөйүңдө турабыз. Шүгүрүбүздү татыктуу аткара албаганыбызды билебиз. Бизди Өз ырайымыӊдан куржалак калтырба, Аллахым!
Эй Раббим! Окуган намаздарыбызды, кармаган орозолорубузду, окуган Кураныбызды, түшүргөн хатмдарыбызды, берген зекет жана фитрлерибизди, кылган зикир-тасбихтерибизди, дуба жана жалбарууларыбызды, бардык ибадаттарыбызды, жакшылык жана кайрымдуулук иштерибизди ушул Орозо айттын урматына кабыл кыла көр, Аллахым! Бул иштерден пайда болгон сооп-сыйын, эң оболу Адам атадан бери адамзатка жол көрсөтүү үчүн жиберилген бардык пайгамбарларга, айрыкча бизге Куранды жеткирген Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафага (с.а.с.), анын үй-бүлөсүнө, сахабаларына, жубайларына жана ахли-байтына багыштадык, жеткире көр, Аллахым!
Куранды колдон колго, тилден тилге, жүрөктөн жүрөккө жеткирген хафиздерге, аалымдарга, салих адамдарга, дин жана мамлекет, эл-журт үчүн жанын берген азиз шейиттерибизге, дүйнөдөн өткөн баатырларыбызга жана бардык момундардын рухтарына багыштадык, кабардар кыла көр, Аллахым!
Ушул куттуу майрам таңында мечитибизде «амин, амин» деп дуба кылып турган жамаатыбыздын өтүп кеткен ата-бабаларынын рухтарына багыштайбыз, баарына жеткире көр, Аллахым!
Оо, өмүрдүн жана өлүмдүн падышасы! Эки дүйнөнүн анык кожоюну. Жүрөктөрүбүздү ыйман нурунан куржалак калтыра көрбө! Өзүбүзгө, үй-бүлөбүзгө, жакындарыбызга, айыл-шаарыбызга, күнөстүү өлкөбүгө тынчтык, береке-пейиз, хикматтарыңды жаадыр. Дүйнөгө тынчтык, уммату мухаммадиййага ынтымак бере көр. Заалымдарды талкала, мазлумдарды калкала, Жаратканым! Ушул ыйык күндү жалпыбызга мубаарак кылгын.
رَبَّنَا آتِنَا فِي الدُّنْيَا حَسَنَةً وَفِي الْآخِرَةِ حَسَنَةً وَقِنَا عَذَابَ النَّارِ
رَبَّنَا هَبْ لَنَا مِنْ أَزْوَاجِنَا وَذُرِّيَّاتِنَا قُرَّةَ أَعْيُنٍ وَاجْعَلْنَا لِلْمُتَّقِينَ إِمَامًا
رَبَّنَا اغْفِرْ لَنَا وَلِإِخْوَانِنَا الَّذِينَ سَبَقُونَا بِالْإِيمَانِ وَلَا تَجْعَلْ فِي قُلُوبِنَا غِلًّا لِّلَّذِينَ آمَنُوا رَبَّنَا إِنَّكَ رَءُوفٌ رَّحِيمٌ
رَبَّنَا لَا تُزِغْ قُلُوبَنَا بَعْدَ إِذْ هَدَيْتَنَا وَهَبْ لَنَا مِن لَّدُنكَ رَحْمَةً إِنَّكَ أَنتَ الْوَهَّابُ
رَّبَّنَا إِنَّنَا سَمِعْنَا مُنَادِيًا يُنَادِي لِلْإِيمَانِ أَنْ آمِنُوا بِرَبِّكُمْ فَآمَنَّا رَبَّنَا فَاغْفِرْ لَنَا ذُنُوبَنَا وَكَفِّرْ عَنَّا سَيِّئَاتِنَا وَتَوَفَّنَا مَعَ الْأَبْرَارِ * رَبَّنَا وَآتِنَا مَا وَعَدتَّنَا عَلَى رُسُلِكَ وَلَا تُخْزِنَا يَوْمَ الْقِيَامَةِ إِنَّكَ لَا تُخْلِفُ الْمِيعَادَ
رَّبِّ اغْفِرْ وَارْحَمْ وَأَنتَ خَيْرُ الرَّاحِمِينَ
رَّبِّ ارْحَمْهُمَا كَمَا رَبَّيَانِي صَغِيرًا
رَبَّنَا لَا تُؤَاخِذْنَا إِن نَّسِينَا أَوْ أَخْطَأْنَا رَبَّنَا وَلَا تَحْمِلْ عَلَيْنَا إِصْرًا كَمَا حَمَلْتَهُ عَلَى الَّذِينَ مِن قَبْلِنَا رَبَّنَا وَلَا تُحَمِّلْنَا مَا لَا طَاقَةَ لَنَا بِهِ وَاعْفُ عَنَّا وَاغْفِرْ لَنَا وَارْحَمْنَا أَنتَ مَوْلَانَا فَانصُرْنَا عَلَى الْقَوْمِ الْكَافِرِينَ
رَبِّ أَوْزِعْنِي أَنْ أَشْكُرَ نِعْمَتَكَ الَّتِي أَنْعَمْتَ عَلَيَّ وَعَلَى وَالِدَيَّ وَأَنْ أَعْمَلَ صَالِحًا تَرْضَاهُ وَأَدْخِلْنِي بِرَحْمَتِكَ فِي عِبَادِكَ الصَّالِحِينَ
رَبِّ اجْعَلْنِي مُقِيمَ الصَّلَاةِ وَمِن ذُرِّيَّتِي رَبَّنَا وَتَقَبَّلْ دُعَاءِ * رَبَّنَا اغْفِرْ لِي وَلِوَالِدَيَّ وَلِلْمُؤْمِنِينَ يَوْمَ يَقُومُ الْحِسَابُ
رَبَّنَا لَا تَجْعَلْنَا فِتْنَةً لِّلَّذِينَ كَفَرُوا وَاغْفِرْ لَنَا رَبَّنَا إِنَّكَ أَنتَ الْعَزِيزُ الْحَكِيمُ