Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Муфтият | 05.03.2024
  • |

ИШЕНАЛЫ АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ТЕОЛОГИЯ ФАКУЛЬТЕТИ ТУУРАЛУУ

Дин жаатында иштеп жаткан бир топ дин кызматкерлерибиз И.Арабаев атындагы КМУнун теология факультетинин магистратурасында азыркы учурда да билим алуусун улантышууда. И.Арабаев атындагы КМУнун теология факультети учурубуздагы мамлекеттик университеттердин ичинен дин жаатында элибизге чын ыкластан кызмат кылып жаткан университеттердин алдыңкылары деп айта алабыз. Чет өлкөдөн жана мамлекетибизде дин жаатында окуп, мамлекеттик диплом ала албай жүргөн билимдүү жаштарыбыз үчүн эң ыңгайлуу шарт түзүп берип жаткан университет.

Мамлекеттик үлгүдөгү дипломго ээ болгон дин жаатында окуган билимдүү жаштар Муфтият, казыят, райондук хатибият түзүмдөрүндө, мектептерде, ислам институттарында ийгиликтүү иштеп жатышат. Чубак ажы ЖалиловӨзбек ажы ЧотоновНематулла ажы ЖээнбековБакыт ажы НиязовЭмил Андартегин ж.б. белгилүү дин аалымдары И.Арабаев атындагы КМУнун теология факультетинин магистрлик окуусун бүткөрүшкөн.

Аталган ЖОЖ мындан ары да жаштарыбыздын ийгиликтүү билим алууларына шарт түзүп берет деп ишенебиз. Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы мындан ары да И.Арабаев атындагы КМУнун теология факультети менен жакындан иштешип, кызматташат деп ишенебиз.

Автор: Бакыт ажы Усманов, И.Арабаев атындагы КМУнун теология факультетинин PhD докторанты

(Башкы бетте колдонулган сүрөт интернет булактарынан алынды)