«Уят – ыймандын бир бөлүгү» (Бухари, Муслим)
баарын көрүү
Муфтият | 05.02.2026
  • |

ИСЛАМДА АМАНАТКӨЙЛҮК ЖАНА УБАДАГА ТУРУУНУН ПАЗИЛЕТИ

Маалым болгондой, аманаткөйлүк жана убадага туруу чыныгы момундуктун белгиси жана анын негизги сыпаты. Аманаттын түрлөрү көп болуп, сактап туруу үчүн маалым бир мөөнөткө берилген материалдык же моралдык нерселер аманат болуп саналат. Инсанга берилген жашоо нээматы, ыйык дене-мүчөсү жана жаны да Аллах тарабынан берилген аманат. Бардык кооз адеп-ахлакта бизге мугалим болгон сүйүйктүү Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам) аманаткөйлүк жана убадага туруу жаатында да бизге өрнөктүү үлгү болгон. Ал эл арасында өзүнүн чынчылдыгы, кишинин акысына кыянат кылбагандыгы, убадасына тургандыгы себептүү «Ал-Амин», тагыраагы «аманаткөй, ишеничтүү адам» деген сыпатты алган. 

Аллах Таала Курандын бир канча жайында пенделерин аманаткөй болууга буюрган. Алардан: 
 إِنَّ اللَّهَ يَأْمُرُكُمْ أَنْ تُؤَدُّوا الْأَمَانَاتِ إِلَى أَهْلِهَا
«Чындыгында, Аллах аманатты өз ээсине тапшырууңарды буюрат». (Ниса сүрөсү; 58-аят) 
Аллах Таала башка аятта дүйнө жана акыретте нажат тапкан кишилердин сыпатын баян кылууда мындай деп айткан: 
 وَالَّذِينَ هُمْ لِأَمَانَاتِهِمْ وَعَهْدِهِمْ رَاعُونَ
«Ал ыймандуу пенделер – өз мойнундагы аманаттарды да, берген убадаларын да сактап, так аткарышат». (Муминуун сүрөсү; 8-аят) 

Аманаткөйлүк жана убадага туруу, кыянат кылбоо жеке адамдар жана коомчулук ортосунда өз-ара ишенич сезимдеринин бекемделүүсү жана камкордук туруктуулугунун негизи болот. Мындай момундарга гана таандык болгон сыпаттар арадан жоголсо бири-бирине ишенбей калат. Натыйжада алардын ортосундагы ишенич, мээр-акыбет жана адамгерчиликке жарака кетип, жалганчылык жана алдоо күчөп, коомчулук кыйроого жүз тутат.  

Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам) бир канча даистерде аманаткөйлүк жана убадага турууга буюруп кеткен. 

﴿أَدِّ الْأَمَانَةَ إِلَى مَنْ اِئْتَمَنَكَ، وَلاَ تَخُنْ مَن خَانَكَ﴾
)رواه الإمام الترمذي عن أبي هريرة رضي الله عنه (

«Аманат берген кишиге анын аманатын кайтаргыла! Силерге кыянат кылган кишиге силер да кыянат кылбагыла!» (Имам Термизий Абу Хурайра (разияллоху анхудан) риваят кылган).
Демек, динибизде кыянат кылган кишиге да аманаткөйлүк менен мамиле кылынат, эч качан, кыянатчынын деңгээлине түшүп, аны менен тең болуп, күнөөкөр болууга уруксат берилбейт. 

Ислам тарыхынан маалым, Мекке мушриктери Расуулуллах (соллаллоху алайхи ва саллам)га кол салууга камынган учурда Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам) Аллах Тааланын уруксаты менен Мадинага кетмекчи болот. Мадинага кетээрден мурда мушриктердин ошончолук зулум жана кыянаттарына карабай алардын аманаттарын тапшыруу үчүн Али ибн Абу Талиб (разияллоху анхуну) чакырып, адамдардын аманаттарын ээсине тапшыруу үчүн Меккеде калуусун буюрат.

Азирети али (разияллоху анху) бүт аманаттарды ээсине тапшырып бүтүп, анан Мадинага кеткен.  
Мына ушул окуянын өзү бизге чоң сабак жана үлгү болуп саналат. 
Аманатты сактап, аны жакшы абалда ээсине кайтарган кишиге бейиш убада кылынган. Бул жөнүндө Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам) мындай деген: 
 اِضْمَنُوا لي سِتًّا مِنْ أَنْفُسِكُمْ أَضمَنْ لَكُمُ الجَنَّةَ: اُصْدُقُوا إِذَا حَدَّثتُم، وَأَوفُوا إِذَا وَعَدْتُم، وَأدُّوا إِذَا ائْتُمِنْتُمْ، وَاحْفَظُوا فُرُوجَكُم، وغُضُّوا أَبْصَارَكُم، وكُفُّوا أَيْدِيَكُمْ
 )رواه الإمام أحمد عن عبادة بن الصامت رضي الله عنه(
«Силер мага өзүңөр тараптан алыт нерсеге кепилдик берсеңер, мен силерге бейишке кирүүңөргө кепилдик беремин. Сүйлөгөндө чын сүйлөгүлө! Убада бергенде ага тургула! Аманат берилсе саламат кайтаргыла! Жыныстык мүчөңөрдү арамдан сактагыла! Көзүңөрдү арамдан тыйгыла! Колуңарды (зулумдан) тоскула!» (Имам Ахмад Убада ибн Самит (разияллоху анхудан) риваят кылган).

Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам) хадистеринин биринде мындай деген: 
 إِذَا حَدَّثَ الرَّجُلُ بِالْحَدِيْثِ ثُمَّ اِلْتَفَتَ فَهُيَ أَمَانَةٌ 
)رواه الإمام الترمذي عن جابر رضي الله عنه (
«Бирөө сага бир сөз айтып, анан айланага карап койсо, билгин, ошол сөз (сага) аманат». (Имам Термизий Жабир (разияллоху анхудан) риваят кылган).

Ушул хадистеги абал аманат болсо, азыркы күндөгү «бул сөздөрүм сизге аманат, бирөөгө айта көрбөңүз» деп ачык-айкын аманат сөздөр айтылганда, аны сактабай башкаларга ашкере кылуу – аманатка кыянат кылуу болуп саналат. Дагы бир хадисте аманатка кыянат кылуунун акыбети кандай болоору жөнүндө мындай делинген: 
 لاَ إِيْمَانَ لِمَنْ لاَ أَمَانَةَ لَهُ، وَلاَ دِيْنَ لِمَنْ لاَ عَهْدَ لَهُ 
)رواه الإمام أحمد عن أنس بن مالك رضي الله عنه(
«Аманаткөй болбогон кишиде ыйман жок. Убадасында турбаган кишиде дин жок». (Имам Ахмад Анас ибн Малик (разияллоху анхудан) риваят кылган) 

Демек, момундук сыпатты өзүбүздө камтышыбыз үчүн кандай гана аманат болбосун, аны аткаруубуз жана берген убадаларыбызга турушубуз зарыл. Болбосо мунафыктык белгисибизде пайда болот, Аллах сактасын! Бул жөнүндө Расуулуллах (соллаллоху алайхи ва саллам) мындай деген: 

آيَةُ المُنَافِقِ ثَلَاثٌ: إذَا حَدَّثَ كَذَبَ، وإذَا وعَدَ أخْلَفَ، وإذَا اؤْتُمِنَ خَانَ
متفق عليه عن أبي هريرة رضي الله عنه 

«Мунафыктын үч белгиси бар; Сүйлөсө жалган сүйлөйт, убада берсе ага турбайт жана аманат берилсе ага кыянат кылат». (Имам Бухарий жана Муслим Абу Хурайра (разияллоху анхудан) риваят кылган) 
Демек, мунафык-эки жүздүүлүктүн биринчи белгиси жалганчылык экен. Жалаганчылык чоң күнөө экенин билип туруп, кээ бирөөлөр жалган сүйлөй берет. Жөнөкөй мисал: «Атам үйдө жок, деп кой», - дейт. Мындай тарбиянын натыйжасында перзенттерибиз кичинекейлигинен жалганды үйрөнүп эрезеге жетүүдө. 

Же адамдарды түрдүү жолдор менен алдап, жалганчылык менен мал таап жаткандар да арабызда жок эмес. Сафван ибн Салим (разияллоху анху)дан риваят кылынат: «Расуулуллах (соллаллоху алайхи ва салламдан) суралды: «Момун киши коркок болушу мүмкүнбү?». Ал зат: «Ооба», деп жооп берди. «Момун киши сараң болушу мүмкүнбү?», ал зат: «Ооба», деди. «Момун киши жалганчы болушу мүмкүнбү?», ал зат: «Жок», деп жооп берди». Андыктан, жалган сүйлөө биз менен сиз мусулмандарга эч качан мүмкүн эмес, жарашпаган иш.  

Эки жүздүүлүктүн экинчи белгиси убада берсе аны аткарбайт. Өкүнүчтүүсү, кийинки учурларда мына ушундай убада берүү, берген сөздө турбоо жана туруксуздук барган сайын күчөп барууда. Кап-кап убадалар берилип, аларды аткаруу жаатында этибарсыздык күчөйүүдө. Эс-акылы жайында болгон жакшынакай эле киши менен бир жерде белгилүү саатта жолугушабыз, деп убадалашасыз, анан эле белгиленген жайыда кеминде бир-эки саат күтөсүз, дале андан дарек жок.  

Ишиңди балан күнү бүткөрүп берем, кабатырланба, деп ошол замат унутат. Сиз болсо, күтө бересиз жана дагы күтө бересиз. 
Перзентине, балан ишти кылсаң, муну алып беремин, деп убада берет, бирок аткарбайт. 

Түрдүү шылтоолор менен карыз алып, балан күнү беремин, деп убадасынын үстүнөн чыкпай, акча берген кишини түйшүккө салып, аны карыз бергендигине бушайман кылып жаткандар да жок эмес. Ар кандай шартнама жана келишимдерге кол коюп же насыяга бир нерсе сатып алып, маалым бир мөөнөткө убадалашып, аны убагында бербей жүргөндөр далай табылат. Убадага турбоо чоң жана оор күнөө. Мындай адамдарга Аллах Таала Куранда мындай деген: 
 الَّذِينَ عَاهَدْتَ مِنْهُمْ ثُمَّ يَنْقُضُونَ عَهْدَهُمْ فِي كُلِّ مَرَّةٍ وَهُمْ لَا يَتَّقُونَ
«Алардын ичинде сени менен убадалашкандан соң, такыбасыздык кылып, ар жолкусунда убадасын буз бере тургандар бар». (Анфал сүрөсү; 56-аят) 

Мунафыктардын үчүнчү белгиси аманатка кыянат кылат. Ар бир кесип өз ээси үчүн аманат. Инсан бир кесипти үйрөндүбү, эми аны жакшы ишке салып, ал аркылуу калкка чын дилден кызмат кылуусу керек. Эгер ал өз кесибине кайдыгерлик кыла турган болсо, кесибине кол учунда мамиле жасаса, анда аманатына кыянат кылган болот. 
Демек, убадага турбаган жана аманатка кыянат кылган киши – жогоруда зикир кылынган жана булардан башка аят жана хадистерге амал кылбаган киши болуп саналат. Аллах Таала Куранда мындай деген: 
       يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آَمَنُوا لَا تَخُونُوا اللَّهَ وَالرَّسُولَ وَتَخُونُوا أَمَانَاتِكُمْ وَأَنْتُمْ تَعْلَمُونَ
«Эй, ыйман келтиргендер! Аллахка жана Расуулуна (буйруктарына) кыянат кылбагыла жана (бири-бириңерге койгон) аманатыңарга (да) билип туруп кыянат кылбагыла!». (Анфал сүрөсү; 27-аят) 

Ушул аятты тафсир кылган аалымдарыбыз айтат, Аллах Таала фарз кылган амалдарды аткаруу, кайтарган иштеринен тыйылуу жана Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва салламдын) сүннөттөрүнө бекем болуу – Аллах жана Расуулунун аманатын аткаруу жана аларга кыянат кылбоо болуп саналат. 

Бизге берилген аманаттар өтө көп. Тирүүлүгүбүз жана жашоо бизге убактылуу берилген аманат. Ден соолук бизге берилген үлкөн аманат. Убакыт аманат, перзент аманат, тынчтык аманат. Бул аманаттарды өз ордунда колдонуубуз, аларга кыпындай да кыянат кылбашыбыз керек. Берилген өмүрдү салих амалдарга сарптообуз, ден соолугубуздун кадырына жетишибиз, убакыттан үнөмдүү пайдаланышыбыз, өзүбүздөн жакшы наам калтырууга аракет кылышыбыз, перзенттерибизди кемел инсан кылып тарбиялашыбыз жана тынчтыктын камсыздалуусуна салым кошууда кайдыгер болбошубуз керек. 

Али (разияллоху анху): «Аманатты аткаруу ырыскынын ачкычы», деген. Демек, ырыскыбыз кең болуусун кааласак, аманатка кыянат кылбай, аны кооз таризде аткарышыбыз керек. 

Умар ибн Хаттаб (разияллоху анху) шаар сыртына чыкканда бир чабандын кой багып жүргөнүн көрөт. Анын жанына барып: «Койлоруңдан бирин сатпайсыңбы?» - деп сурады. Анда чабан: «Мен кулмун. Бул койлор болсо кожоюндуку», - деп жооп берди. Азирети Умар аны сынаш үчүн: «Карышкыр жеп кетти», деп коё бересиң да», - деди. Ал: «Карышкыр жеп кетти деп кожоюнумду алдашым мүмкүн. Бирок Аллахтычы?!», деди. Бул кулдагы аманаткөйлүктү көргөн Азирети Умар аны кожосунан сатып алып, азат кылды. 

Бир улуу зат аттын үстүндө Куран окуп бара жаткан. Үстүндөгү чапаны түшүп кеткенин сезген жок. Бир канча жүргөндөн кийин караса үстүндөгү чапаны жок. Аттан түшүп, артка чапанын издеп жөнөп кетет. Ошондо шериктери: «Ат менен эле барып келбейсиңби, даяр ат турса жөө баратасың», дешти. Ошондо ал киши: «Мен бул атты ээсинен бир тарапка минип баруу үчүн ижарага алганмын. Эгер артка да минип барсам аманатка кыянат кылган боломун», деп жооп берди. Мындай риваяттар аябай эле көп. 

Кыскасы, ыйманыбыз жана динибиз толук болушу үчүн ошондой эле эки жүздүүлүк белгилеринен кутулуу максатында ар бирибиз аманаткөй жана убадага турган салих жана такыбадар кишилер катарында бололу!

Жашоодо жалпылай таризде күтүлбөгөн кыйынчылык жана сыноолор учурап турушу мүмкүн, жадагалса жакынкы жылдарда мындан да оор пандемия, карантин сыноолорун да башыбыздан өткөрдүк го! 

Бир күндүк сыноодо ушунчалык дүрбөлөңгө түшүлсө, мындан «шылуундар» начар жана кыйналгандардын изинен пайда көрүүгө аракет кылса, Аллах сактасын, мындай кырдаал узагыраакка созулса эмне болот?! Биз тагдырга ыйман келтиргенбиз го! Ырыскы Аллах Тааладан экенине ыйманыбыз бар го! Куранда бул темада мындай делген:
 وَمَا مِن دَآبَّةٍ فِي الأَرْضِ إِلاَّ عَلَى اللّهِ رِزْقُهَا وَيَعْلَمُ مُسْتَقَرَّهَا وَمُسْتَوْدَعَهَا كُلٌّ فِي كِتَابٍ مُّبِينٍ
«Жер бетинде ырыскысы Аллахтан бүтпөгөн бир да жан-жаныбар жок. Ал ар биринин тиричилик ордун да, бара турган ордун да анык билет. Мунун баарысы ачык-айкын Китепте жазылуу». (Худ сүрөсү; 6-аят) 
Эмнеге сыноо учурунда мына ушул ыйманыбыз талап кылгандай иш тутпайбыз?! Неге ушул аятка карап «Ырыскымды Аллах берет», деп аракеттенбейбиз?!

Расуулуллах (соллаллоху алайхи ва саллам) «Эң жакшы кесип соодагерлик. Эгер соодагер жалган айтпаса, аманатка кыянат кылбаса, сатып жаткан нерселерин мактабаса, (чектен ашык) кымбат сатпаса, мойнундагы акыны берүүнү созбосо жана өз акысын алууда да кополдук кылбаса», деп айтты». (Имам Термизий риваяты) 

Демек, соодагерлер адал, аманаткөй, жакшы инсан болуусу үчүн ушул хадисте айтылган нерселерге амал кылуусу, товарды чектен ашып кымбат сатпашы керек болот.
Мусулмандардын кажети түшүп турганда, аларга жеңилдик кылып берүүнүн ордуна негизсиз кымбаттатуу же дагы да кымбатыраак сатуу максатында кармап турууу күнөө. 
Азирети Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам): «Ким мусулмандардын баасына киришип, аларга кымбатчылык келтирүү үчүн аракет кылса, Аллах аны кыямат күнү үлкөн отко салуусу ак болот», деп айткан». (Имам Ахмад риваят) 

Мына ушундай сыноо күндөрү адамдарга жардам берүү, эхсан кылуу, сооп алуунун дал учуру болуп саналат. Себеби кеңчилик күндөрү бардыгы деле эхсан кыла алат, бирок кыйынчылыкта бул иштер бардыгынын эле колунан келе бербейт. 
Умар (разияллоху анху) халифалык доорунда Мадин элине катуу ачарчылык келет. Адамдар аябай кыйын абалда калат. Ошол күндөрдө тирүүсүндө эле бейиш сүйүнчүсү берилген сахаба Абдурахман ибн Авф (разияллоху анхунун) чоң кербени азык-түлүк менен Мадинага кирип келди. Соодагерлер ал затка эки, үч жана андан да көп барабар бааны сунуштады. Бирок ал зат учурду канымет билип, адамдарга ырайым кылып, бирине жети жүз барабар сооп бере турган Аллах Тааланын жолуна эхсан кылды. Ошол түнү бир да киши ачка калган эмес. 

Мына ушундай улуу заттар бизге жакшы өрнөк болушу керек. Кыйынчылык учурларда ырайымдуу болуп, акча иштеп калууга эмес, сооп иштеп калууга аракет кылыш керек. 
Корутунду катары айта турган болсок, эң оор пандемия жана карантин учурунда биримдикте ынак болуп, бардыгыбыз бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, жүргүзүлгөн тартип-эрежелерге амал кылганыбыз үчүн оор сыноолуу күндөрдү өткөрүп алдык. Азыркы күндөгү электр энергиясына байланыштуу болгон көйгөйлөрдө да бардыгыбыз биримдикте болуп, бири-бирибизди колдоп-кубаттап турсак, иншаа Аллах мындай оор күндөрдөн тез өтүп алабыз жана жайбаракат жашообузду уланта беребиз. 

Аллах Таала баарыбызды түрдүү балээ-апаат, сыноолордон сактап, журтубузду тынч, калкыбызды аман кылып, баарыбызга эки дүйнө бакытын насип кылсын! 

Абибилла ажы Кадырбердиев